«Сезим» кризистик борборунун ишмердүүлүгү гендердик теңчилик, жынысына карата дискриминациялоого каршы, ошондой эле аялдарды/кыздарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн гендердик басмырлоо, үй-бүлөлүк зомбулуктар менен адам сатуудан коргоо болуп саналат. «Сезим» борбору Кыргызстанда 1998-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келет.
КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС ИШМЕРДҮҮЛҮК, ЭРКИНДИК, МААЛЫМАТТАРДЫН ТАК ЖАНА КАЛЫСТЫГЫ, АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК.
гендердик,үй-бүлөлук зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандарга
гендердик түшүнүктү тереңдетүү жана зомбулуксуз жашоо образын жайылтуу максатында билим берүү жана маалыматтык иш-чаралар
оор турмушутук кырдаалдарга туш болгон улгайган адамдарга
Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук менен адам сатуунун алдын алуу
гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан коргоо
“Сезим” кризисттик борборунун “Нур” социалдык транзиттик үйүндө азыр үй бүлөдөгү зомбулуктан узак убакыттан бери жабыркап, өзүнүн да, балдарынын да өмүрүнө коркунуч келгенде качып чыккан отуз жаштагы келин жашап жатат. Күйөөсү беш жыл аралыгында анын маңдай тиштерин талкалап, колдорун кесип, болоор-болбос нерсени шылтоолоп сабаганды адат кылып алган. Бешинчи баласы эмчекте болгондуктан иштей албай жаткан келин учурда […]
26 жылдан бери аялдарга жана үй-бүлөгө укуктук, психологиялык жана социалдыкжардам көрсөткөн уюмду жетектеп, миңдеген адамдардын ажатын ачууга өмүрүн, денсоолугун, билим-жөндөмүн арнаган укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова уюмдунишмердүүлүгүндө муун алмашуу демилгесин ийгиликтүү ишке ашырууда.Үч баскычтуу ачык сынактын жыйынтыгы менен уюмдун мүчөлөрүнүн жалпыжыйынында жаңы аткаруучу директор болуп Атыр Абдрахматова шайланды.Кыргыз коомчулугуна тажрыйбалуу юрист, адискөй жетекчи, адилеттиктентайбаган укук коргоочу […]
“Сезим” борбору PR-адистиги боюнча сынак жарыялайт. Толук квалификациялык талаптар жана техникалык тапшарма шилтемеде: https://docs.google.com/document/d/1H9Fdvz0jxYQ0kUIH8hTUnQUt59_eXDJ4/edit?usp=sharing&ouid=114006588366444425958&rtpof=true&sd=true Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2022-жылдын 10-июнга чейин, саат 16:00дөн кеч эмес. Резюмеңизди коштомо кат менен centersezim@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүз Темада: “PR-адистигине документтер” дегенди унутпаңыз. Бардык суроолор боюнча томонку телефондор аркылуу байланышсаныз болот: (551) 316466; (555) 508029 (Дүйшөмбү-Жума, 9.00дөн 17.00гө чейин). […]
КБ “Сезим” Кризистик Борбору 2021-жылга карата финансылык отчеттуулукту текшерүү кызматын көрсөтүү боюнча сынак жарыялайт. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2022-жылдын 1-мартынан 11-мартына чейин, саат 15:00гө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү: 2022-жылдын 15-мартынан 31-мартына чейин. Сураныч, коммерциялык сунуштарыңызды finance@sezim.org электрондук дарегине жөнөтүңүз. Кошумча маалыматты: (0312) 31 64 88, (0555) 72 54 46 телефондору аркылуу алсаңыз болот.