kyruen
  • Помочь

Биз жөнүндө

«СЕЗИМ»  КРИЗИСТИК БОРБОРУ  КЫРГЫЗСТАНДА 1998-ЖЫЛДАН БЕРИ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ЖҮРГҮЗӨ БАШТАГАН КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМ. 

90-жылдары Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук жаап жашырылып, коомчулукка ачык алынып чыкпаган маселелерден болуп келген. Айрым уюшулган коомдук бирикмелер өлкөдөгү аялдардын укуктары тууралуу маселени коомчулукка көтөрүп чыга баштаган. Алардын арасында биздин дагы борбор бар болчу.

Биздин башкы максатыбыз – аялдардын укуктарын коргоп, аларга укуктук жана психологиялык жардам берүү менен үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка же адам сатууга кабылган аялдарга, кыздарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызмат көрсөтүлүп келет.

Бүгүнкү күнү биздин борбор үч негизги максаттарды ишке ашыруунун үстүндө:

  • Үй-бүлөлүк, гендердик зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандарга укуктук, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү;
  • Кыргызстандын коомчулугунда үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү максатында мыйзам чыгаруу багытында демилгелерди көтөрүп чыгуу менен катар анын кабыл алынышына активдүү катышуу;
  • Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга каршы алдын алуучу иш- чараларды жүргүзүү.

 Биздин ишмердүүлүгүбүздүн багыттары :

  • Үй-бүлөлүк, гендердик зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган аялдарга/кыздарга укуктук, психологиялык  жана социалдык колдоо көрсөтүү;
  • Гендердик, үй-бүлөлук зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган кыздарды/аялдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрун адвокаттык жана коомдук коргоого алуу;
  • Гендердик, үй-бүлөлук зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган кыздарга/аялдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрунө реаблитациялык жана реинтеграциялык комплекстүү кызмат көрсөтүүчү убактылуу коопсуз (Шелтер) жана транзиттик социалдык жай берүү;
  • Жубайлар арасындагы, үй-бүлө мүчөлөрү арасындагы чыр-чатактарды жөнгө салууда жардам көрсөтүү (үй-бүлөлөргө консультация, медиация,интервенция);
  • Гендердик укук, үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга каршы багыттарда маалыматтык билим берүү ;
  • Кыргызстандын калкын гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан коргоо боюнча – Эдвокаси компанияларын жүргүзүп, демилгелеп чыгуу.

1998-2021-жылдар аралыгында көрсөтүлгөн кызматтар:

  1. Ыкчам Байланыш кызматына 46 140кайрылуу жасалды;
  2. 37 450 юридикалык жана психологиялык жеке консультациялар берилди;
  3. 2587 кылмыш жана жарандык иштеринде 1910адамга сотто адвокаттык жана коомдук коргоо көрсөтүлдү;
  4. 2003-2020-жылдарда 2351 чоңдор жана 1583 балдар Шелтер – Коопсуз үйдүн жардамын алышты;
  5. 2011-жылдан тартып 251аялдар жана 297 балдар “Нур” Транзиттик социалдык үйдө жашашты.

Биздин принциптер:

Коммерциялык эмес ишмердүүлүк 
«Сезим» кризистик борбору коммерциялык эмес уюм, андыктан ишмердүүлүктөн пайда табууну көздөбөйбүз. «Сезим» кризистик борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында түшкөн кирешелер, уставда каралган жана уюмдун миссиясынын негизинде колдонулат.

Эркиндик
Биздин позициябыз жана чечимдерибиз “Сезим” борбору  менен байланышпаган адамдарга көз каранды эмес. Саясий партиялар, мамлекеттик бийлик жана айрым чиновниктер же жеке адамдар борбордун ишмердүүлүгүнө таасир эте албайт.

«Сезим» кризистик борбору өкмөттүк эмес уюм болгондуктан, кайсыл бир мамлекеттик органдардын курамына кирбейт. «Сезим» кризистик борбору саясий партияларды колдобойт жана саясий ишмердүүлүк жүргүзбөйт.

Финансылык эркиндик
Финансылык эркиндик – бул биздин эң негизги чечимдерди кабыл алуудагы башкы багытыбыз.  «Сезим»  кризистик борбору чечимдерди өз алдынча кабыл алуу максатында финансылык каржылоону бир эле булактан же борбордун аброюна тобокелдик алып келүүчү жактардан албоого аракет жасайбыз.

Ачык-айкындуулук жана калыстык
Биз кабыл алган чечимдер жана аракеттер чындыкка дал келген маалыматтар менен тастыкталуусуна умтулабыз. Биз толук маалыматтарга ээ болбогондуктан чечимдерибиз чексиз туура деп таңуулабайбыз. Ага карабастан, калыстыкка, адилетүүлүккө жетүү үчүн бардык аракеттерди көрөбуз.

Ачыктык  жана отчеттуулук
Биз коомчулук, жалпы ишмердүүлүгүбүз багытталган тараптардын алдында жоопкерчиликтүү экенибизди сезебиз. Ошондуктан, коомчулук биздин ишмердүүлүгүбүз  тууралуу толук маалымат алышына кызыкдарбыз. Биздин ишмердүүлүгүбүздө маалыматтарды ыктыярдуу түрдө коомчулукка ачыкка чыгаруу болгондуктан, коомчулуктан жашырган жагдайларыбыз жок.