kyruen
  • Помочь

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МЕДИАЦИЯ

Биздин борбор  ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МЕДИАЦИЯ КЫЗМАТЫН да көрсөтөт.

Үй-бүлөлүк Медиация – үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды соттон тышкаркы чечүү альтернативдик жолу, мында талаш-тартыштын же чыр-чатактын тараптары сүйлөшүү процесси аркылуу үй-бүлөлүк медиатордун жардамы менен өздөрү чечим чыгарышат.

Үй-бүлөлүк Медиация үй-бүлөлүк чыр-чатактардын жогорку эмоционалдуулугун эске алат жана ар кандай түшүнүксүз турмуштук кырдаалдарда натыйжасын берет.

Үй-бүлөлүк Медиацияны кандай учурларда колдонсо болот?
  1. БАЛДАРДЫН кызыкчылыктары жана муктаждыктары Үй бүлөлүк медиациянын негизи!

Үй-бүлөлүк медиация ажырашкандан кийин же ата-энеси эки башка жакта жашаган учурда БАЛДАРГА байланыштуу маселелерди чечүүгө жардам берет: биргелешип тарбиялоо, багуу, жашаган жери жана балдардын жашоо шарты (бала бакча, мектеп тандоо ж.б.).

  1. Мүлк жана каржы бөлүштүрүү.
  2. Мурас бөлүштүрүү.
  3. Муундардын ортосундагы чыр-чатактар:
  • ата-энелер менен өсүп келе жаткан же бойго жеткен балдардын ортосундагы чыр-чатактар, “муундардын ортосундагы пикир келишпестиктен” мамиленин бузулушу;
  • үчүнчү муун – чоң энелер жана чоң аталар активдүү позицияны ээлеген чыр-чатактар;
  • экинчи же үчүнчү муундун чектелген аймактык шарттарда жашоого аргасыз болгон үй-бүлөлөрдө пайда болгон уруштар.
  1. Асырап алынган балдарды камкордукка алуу, асырап алуу жана адаптациялоо маселелери боюнча талаш-тартыштар.
  2. Үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрү, никесиз түгөйлөр, суррогат эне ж.б.
Үй-бүлөлүк медиация үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда колдонулбайт, эгерде тараптардын бири психологиялык же физикалык зомбулукка кабылса, экинчи тарап үстөмдүк көрсөткөн учурда. Үй-бүлөлүк медиация тараптардын теңчилигин жана алар Медиатордун жардамы менен өз суроолоруна жооп издешет. Үй-бүлөлүк медиация ар дайым ыктыярдуулукту жана бардык тараптардын укуктарын камсыз кылат.
“Сезим” борборунда 6 үй-бүлөлүк медиатор иштейт.
Бардык медиаторлор Кыргыз Республикасынын Республикалык Медиаторлор Коомчулугунун реестринде турушат, КР РМК тарабынан берилген Медиатордун күбөлүгүнө ээ.

Үй-бүлөлүк медиация кызматы жана башка суроолор боюнча биздин телефондорго чалып кайрыла аласыз:

  • +996 312 316466
  • +996 501 316466

Биз акы төлөнүүчү үй -бүлөлүк медиация кызматын сунуштайбыз; төлөм “Сезим” КБнун акы төлөнүүчү кызматтары жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.