kyruen
  • Помочь

Назира. Коргоо ордери дагы зөөкур күйөөдөн коргогон жок

«Сезим» кризистик борборуна Назира  эки баласы менен  зөөкүр күйөөсүнөн  корголоп кайрылган.  Ал 8 жыл аралыгында  күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдап келсе, акыркы жылдары биринчи никедеги уулун  кошо сабай баштаган.

Назира  төрт жыл ичинде туугандары, достору  менен катташпай, күйөөсүнүн чектөөсүнөн улам,  тыш дүйнө менен байланышы үзүлгөн. Алтургай анын  жана балдарынын документерин баарын сейфте кармап, аларга  бербей келген.  Ал үйдөн  качканда  паспорт  документтерисиз  качып чыгууга аргасыз болду. Назиранын  зөөкур күйөөсүнүн туткунунан чыгуусу  анын жакындары үчүн күтүүсүз болду.

Үйдөгү жаңжалды коңшулар укпасын деп зөөкүр күйөө музыканын үнүн каттуу чыгарып койчу. Кичүү уулунун  компьютерге олтургузуп, урушту  укпасын деп  кулакчынды(наушникти) кийгизип коюп, аялы менен  улуу баласын  ар башка бөлмөгө киргизип алып, сабачу.  Эне бала мындай учурда  бири –бирине жардам  бермек түгүл, өздөрүн да  коргой алчу эмес.

Улуу баласы  баардык ур токмокко чыдап,  унчукчпай  келген. Ал баардык эле  аталар балдарын ушунтип “тарбиялайт”  деп ойлогон. .. Бирок, акыркы  жолку  ур –токмокко алган атасы ал өгөй экенин жарыялап,  аны үйдөн кууп чыккан.  14-жаштагы  бала биринчи жолу көчөгө  куулуп, кайда барарын билбей турганда ,  энеси  “Сезим” кризистик борборуна жардам сурап кайрылган.  Борбордун кызматкерлери баланы “Балдарды коргоо борборуна”  жайгаштырууга көмөк көрсөткөн.

Назира буга чейин бир нече жолу качып чыгайын деген, бирок, зөөкүр күйөөсүнөн  кетип калса, үй-жайсыз эки баланы  кантип багам деп баардык зомбулукка чыдоого аргасыз болчу. Улуу баласын кууган күнү ал үйдө  тура албай, жаны жай албай кирпик какпай чыккан. Бирок, качып кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.  Эртеси күнү күйөөсү үйдөн чыгып кетээр менен   кичүү уулун алып  тозокко айланган үйүнөн  “Сезим” кризистик борборуна  качып чыккан.

Мындан ары үй-бүлөлук зомбулукка кабылган  аялдардын  көпчүлугү туш болгон  окуя кайталанууда. Анткени, Кыргызстанда  азырынча укук коргоо, сот системасы  жабыркагандардын таламын талашпай көбүнчө алардын  жеке коопсуздугун  тобокелдикке салып келет.

Ажырашуу   маалында Назира кайда жашары, балдары кайсыл бала бакчага, мектепке жайгашып, кайда иштээри тууралуу   баардык малыматтар  зөөкур күйөөсүнө  адвокаты аркылуу   белгилүү болгон.  Мындан улам Назира  жана анын балдарынын жеке коопсуздугуна коркунуч туулган. Анткени, күйөөсү баардык маалыматтарды билген соң алардын аркасынан аңдып, балдарды уурдап кетүүгө аракет кылган. Бирок, балдардын ага каршы турушу гана анын “максатын”  ишке ашырган эмес.

Назира үйүнөн качып чыкканда  “Сезим”  борборунун юристеринин кийлигишүүсүнөн  кийин  коргоо ордери берилген. Бирок, участкалык милиционер  жабыркаган аялды коргоонун ордуна, үй-бүлөнү сакташ керек деген кыязда  наасат айтып,  алтургай, коопсуз жай- Шелтердин дарегин зомбулук жасаган күйөөсүнө берип салышкан. Мындан улам, ал Шелтерге келип, ызы-чуу кылып чатак салып, кызматкерлерди  коркутуп кеткен.

Назира   участкалык милиционер өз кызматын так аткарбагандыгы үчүн  прокуратурага арыз жазган. Бирок,  азырынча, эч кандай жыйынтык жок. Анын таяк жегендиги  боюнча  кылмыш иши козголбой келет. Ленин районунун  тергөөчүсү судмедэкспертизанын  жыйынтыгы  чыга элек  деп  августан бери  шылтоолоп, кылмыш ишин козгобой келүүдө.  Бул иш боюнча документтердин баары жоголуп кеткенин жана ишинин көптүгүн ооз эки жообунда билдирген.

Кыргызстанда үй-бүлөлук зомбулукка  каршы  мыйзам кабыл алынганына карабай, мамлекеттик органдар тарабынан жабыркагандар кош көңүл  мамилеге туш болуп келүүдө.

Назира күйөөсү менен ажырашып,  “Сезим”  кризистик борборунун  социалдык транзиттик үйүндө балдары менен жашап жатат.  Ал бир нече жерге пол жуугуч болуп орношуп, балдарын бала бакчага, мектепке барууда.    Алдыда ал өзүнүн укугу  менен намысын коргоо боюнча борбордун жардамы менен бергеликте  ачык чыгып, адидеттик үчүн күрөшөөрүн билдирүүдө.

    

Назира көйгөйлөрүн ММК аркылуу жарыялоо менен өзүнүн гана эмес, Кыргызстанда дал ушундай тагдырга туш болгон аялдардын укуктарын ачык коргоо ниеттин билдирди.

(Назиранын макулдугу менен ал иштеген жердеги сүрөттөр жарыяланды)