kyruen
  • Помочь

«Сезим» кризистик борбору

«Сезим» кризистик борборунун ишмердүүлүгү гендердик теңчилик, жынысына карата дискриминациялоого каршы, ошондой эле аялдарды/кыздарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн гендердик басмырлоо, үй-бүлөлүк зомбулуктар менен адам сатуудан коргоо болуп саналат. «Сезим» борбору Кыргызстанда 1998-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Биздин принциптер:

КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС ИШМЕРДҮҮЛҮК, ЭРКИНДИК, МААЛЫМАТТАРДЫН ТАК ЖАНА КАЛЫСТЫГЫ, АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК.

БИЗ ЖАРДАМ БЕРЕБИЗ:

Аялдарга/кыздарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө

гендердик,үй-бүлөлук зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандарга

Кыргызстандын жаштары жана өсүп келе жаткан муундары

гендердик түшүнүктү тереңдетүү жана зомбулуксуз жашоо образын жайылтуу максатында билим берүү жана маалыматтык иш-чаралар

Улгайган адамдарга

оор турмушутук кырдаалдарга туш болгон улгайган адамдарга

Кыргызстандын жалпы калкы

Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук менен адам сатуунун алдын алуу

Качкындар менен Кыргызстанда башпаанек издеген адамдарга

гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан коргоо

Шелтер Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган кыздарга/аялдарга балдары менен комплекстүү түрдө реаблитациялык жана реинтеграциялык кызматтарды камтыган коопсуз жай берилет

Транзиттик социалдык үй «Нур» Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган аялдарга балдары менен реинтеграциялык кызматтарды комплекстүү түрдө көрсөтүүчү убактылуу социалдык турак-жай

Жаӊылыктар

ПОЛИГРАФИЯЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ЧЫГАРУУ ҮЧҮН ТЕНДЕР

“Сезим” кризистик борбору полиграфиялык продукцияны жасоо жана чыгаруу боюнча тендер жарыялайт. Сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2021-жылдын 15-марты саат 14: 00гө чейин Коммерциялык сунуштарды  centresezim@gmail.com  электрондук  дарегине жөнөтүңүз. Төмөндө басма сөз каражаттары жана минималдуу өндүрүш шарттары келтирилген. Бардык пункттар үчүн, уюмдун муктаждыктарына жараша өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Стол календар түрүндөгү колдонмо (пружин, кангрев же УФ […]

2020-жылга карата финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүү боюнча сынак жарыялайбыз

КБ “Сезим” Кризистик Борбору 2020-жылга карата финансылык отчеттуулукту текшерүү кызматын көрсөтүү боюнча сынак жарыялайт. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2021-жылдын 3-мартынан 11-мартына чейин, саат 15:00гө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү: 2021-жылдын 15-мартынан 8-апрелине чейин. Сураныч, коммерциялык сунуштарыңызды finance@sezim.org электрондук дарегине жөнөтүңүз. Кошумча маалыматты (0312) 31 64 88, (0555) 72 54 46 телефондору аркылуу алсаңыз болот.

PR жана SMM адистиги боюнча сынак

“Сезим” борбору төмөнкү вакансияларга сынак жарыялайт: PR-адиси; SMM-адиси; Pro Victimis Фондунун колдоосу менен “Кыргызстандагы аялдарды жана кыздарды басмырлоодон жана зордук-зомбулуктан сактоо” долбоорунун алкагында маалыматтык өнөктүктү республикалык деңгээлде жүргүзөт. Толук квалификациялык талаптар жана ТЗ бул жерде: PR-адистигине: https://drive.google.com/file/d/13thhKn8_56EVolm1THts3BI8bgAfmT6F/view?usp=sharing SMM-адистигине: https://drive.google.com/file/d/1f-HqgsVdwUvClGUqaHstB6WE1QO8GYqC/view?usp=sharing Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2021-жылдын 25-январь саат 16:00гө чейин. Сураныч, резюмеңизди төмөнкү электрондук  дарекке жөнөтүңүз: […]

Биздин инфографика 1998-2018