kyruen
  • Помочь

Жаш энеге жардам керек! 🔈

“Сезим” кризисттик борборунун “Нур” социалдык транзиттик үйүндө азыр үй бүлөдөгү зомбулуктан узак убакыттан бери жабыркап, өзүнүн да, балдарынын да өмүрүнө коркунуч келгенде качып чыккан отуз жаштагы келин жашап жатат. Күйөөсү беш жыл аралыгында анын маңдай тиштерин талкалап, колдорун кесип, болоор-болбос нерсени шылтоолоп сабаганды адат кылып алган.
Бешинчи баласы эмчекте болгондуктан иштей албай жаткан келин учурда баш калкалаар батирге муктаж болуп жатат. “Баш калкалаар жер болсо балдарымды бөлбөй баарын эле (беш баланын экөө атасында калган) багат элем” деп жаткан жаш энеге мүмкүнчүлүгү бар мекендештерибиз кайрымдуулук кылса деген ниет менен сиздерге кайрылдык.

🔺Урматтуу замандаш! Бул маалымат сизди кайдыгер калтырбаса керек ?

🔻Кыйынчылыкка кептелген көп балалуу энеге жардам колун сунчулар “Сезим” кризистик борборунун кеңсесине:


0551 31 64 66
же ишеним телефонуна
0501 51 26 40 номерине чалса болот.