«Сезим» Кризистик Борбору төмөнкү ваканттык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт:
- Офис-менеджер;
- Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адамдарды сатуудан жапа чеккендерге арналган Шелтер-Коопсуз үйүнө – түнкү кезметчи (2 ваканттык орун).
Офис-менеджердин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
- жогорку билим;
- иш кагаздарын жүргүзүүдөгү тажрыйба (2 жылдан аз эмес);
- компьютерди жана оргтехниканы колдоно билүү;
- кыргыз жана орус тилдерин билүү (сабаттуу жазуу жана сүйлөө, иш кагаздарын жүргүзүү);
- мыкты коммуникациялык көндүмдөр.
Шелтердин түнкү кезметчисине талаптар:
- жогорку билим, же социалдык кызмат жана/же психология адистиги боюнча окуган 4-5-курстун студенттери;
- кыргыз жана орус тилдерин жакшы билүү;
- мыкты коммуникациялык көндүмдөр;
- түнкү сменага чыгуу мүмкүндүгү. Шелтерде иштөө жана Ыкчам байланышта кеңеш берүү көндүмдөрүнө алдын ала үйрөтүү каралат.
Документтерди берүү мөөнөтү: 2019-ж., 17-январь, саат 15:00 чейин.
Резюмеңизди коштомо кат менен бирге centersezim@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүүңүздөрдү суранабыз.
Тел: +996 (312) 31 64 66; (555) 50 80 29