kyruen
  • Помочь

“Сезимге ” жаңы күч келди!

26 жылдан бери аялдарга жана үй-бүлөгө укуктук, психологиялык жана социалдык
жардам көрсөткөн уюмду жетектеп, миңдеген адамдардын ажатын ачууга өмүрүн, ден
соолугун, билим-жөндөмүн арнаган укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова уюмдун
ишмердүүлүгүндө муун алмашуу демилгесин ийгиликтүү ишке ашырууда.
Үч баскычтуу ачык сынактын жыйынтыгы менен уюмдун мүчөлөрүнүн жалпы
жыйынында жаңы аткаруучу директор болуп Атыр Абдрахматова шайланды.
Кыргыз коомчулугуна тажрыйбалуу юрист, адискөй жетекчи, адилеттиктен
тайбаган укук коргоочу катары таанымал Атыр Абдрахматова “Сезим” кризистик
борборун жетектеп, 2024-ж. бекитилген өнүгүү стратегиясын ишке ашырат.
Өлкөбүздө Адам укугунун сакталышына, аялдарга жана балдарга карата зомбулукту
ооздуктоого албан эмгеги сиңген Бүбүсара Рыскулова “Сезим” борборунун ардактуу
президенти, коомдук коргоочу катары гендерлик теңчилик, адилеттүүлүк, аялдар
менен жаш балдардын коопсуз жашоо чөйрөсүн бекемдөөгө багытталган иштерин
улантат.