26 – 30 июлга чейинки аралыкта «Сезим» кризистик борборунда “Үй-бүлөлүк медиация турмушта” деген практикалык 5 күндүк тренинг башталды. Экинчи баскычтагы тренингке борбордун кызматкерлери, мүчөлөрү жана ыктыярчылары катышууда. Тренигке Англиядан (Манчестер) жогорку квалификациядагы мыкты жана тажрыйбалуу үй-бүлөлүк медиатор Евгения Рамбл чакырылган.
Жогорудагы окуутууга Кыргызстандагы Швейцрия Элчилиги финансалык колдоо көрсөттү.
«Сезим» борбору өлкөдө алгачкылардан болуп үй-бүлөлүк медиацияны турмушка ашырууга кадам таштады. Окуутулар аяктаган соң, «Сезим» борборунда Үй-бүлөлүк Медиация боюнча база ачылып, анда конфликтерди сотко жеткирбей чечүү боюнча баардык шарттар түзүлөт.
Үй-бүлөлүк медиация Кыргызстандагы жарандардын укуктарын, аярлуу үй-бүлө мүчөлөрүн жана жашы жете элек балдарды, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого багытталган.
______________________________________________________________________
2017-жылы июнда КР Жогорку Кеңеши “Медиация тууралуу” мыйзамды үч окууда кабыл алган.
Бул мыйзам Кыргыз Республикасында укуктук негизде талаш –тартыштарды сотко жеткирбей жөнгө салуу, жарандардын укуктарын , эркиндиги жана кызыкчылктарын коргоо, ишмердик мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле мамиле түзө билүү этикасын калыптандыруу, социалдык карым-катнаштарды шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
- Бул мыйзам жарандык,үй-бүлөлүк жана эмектик мамилелер боюнча талаш тартыштарды жөнгө салууда медиацияны колдоонуу аркылуу чечилет.
- Медиация кылмыш-укуктук талаштарды чечүүдө мыйзамда каралган тартипте каралат.
- Медиация эгерде ага катышпаган үчүнчү тараптын кызыкчылыгы корголбосо, мүмкүнчүлүгү чектелген (психикалык саламаттыгы жок адамдар) катышпайт, эгерде мүмкунчүлүгү чектелген адамдын кызыкчылыгын коргогон тарап катышса, анда медиация колдонулат.