kyruen
  • Помочь

«Сезим» борбору уюмдун үч жылдык стратегиясынын жыйынтыктарын чыгарды жана 2018-2020 жылдарга карата Өнүгүүнун жаңы стратегиясы боюнча ишин баштады

2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында «Сезим» борборунда уюмдун үч жылдык стратегиясынын жыйынтыктары чыгарылды; жаңы коллективдүү документ – 2018-2020-жылдарга карата Өнүгүүнүн стратегиялык планы (ӨСП) иштелип чыгарылып, кабыл алынды.

Мониторингдин жана Баалоонун жыйынтыктары боюнча, «Сезим» борборунун 2015-2017-жылдарга карата Өнүгүүсүнүн стратегиялык планы 80%дан жогору ишке ашырылган, ал эми ӨСПнин алкагындагы кызмат көрсөтүүлөр – 100%га аткарылды.

Ишмердүүлүк үч негизги стратегиялык багыттарда жүргүзүлдү:

  1. Аялдардын, кыздардын жана үй-бүлөнүн гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук жана адамдарды сатуу жаатындагы укуктарын коргоо.

Бул багытта «Сезим» борбору тарабынан башка коомдук уюмдар менен өнөктөштүктө ийгиликтүү адвокациялык иштер (Эдвокаси) жүргүзүлдү, анын ичинде:

  • КР жашы жете электер менен диний никеге турууга тыюу салуучу (эрте никеге туруунун профилактикасы) мыйзамын лоббирлөө, 2016-жылы кабыл алынды;
  • КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамын лоббирлөө, 2017-жылы кабыл алынды;
  • Кыргызстандагы полигамияга каршы UNITE Kyrgyzstan тармагында кампания жүргүзүлдү;

Соттордо адвокаттык жана коомдук коргоо 178 адамга көрсөтүлдү.
Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктар боюнча ММКнын катышуусу менен 18 прецедент түзүлдү.

  1. Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан, адамдарды сатуудан жапа чеккендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо

Бул иштер толук көлөмдө аткарылды жана үч жылдын ичинде 3000 адам жардам алышты.

  1. Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук, адамдарды сатуу жаатындагы маалыматтык жана билим берүү ишмердүүлүгү

Иш-чаралардын аткарылбай калган 20%дан аз көлөмү жөнүндө:

  • Иш-чаралардын 10%дан азы ӨСПни ишке ашыруунун убагында күн тартибинен алынып салынды, себеби тийиштүү уюмдар менен пикирге келишүү жетишилген жок, же иш-чара актуалдуулугун жоготту (мисалы, «Сезим» борборунун гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде чара көрүү боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү адистештирүү жөнүндө демилгеси колдоого ээ болгон жок).
  • 10%дан көбүрөөгү жаңы 2018-2020-ж.ж. ӨСПге которулду (1. Зомбулуктан жапа чеккендерди укук коргоо органдарына кайрылуу жана тергөө, сот процесстеринде коргоо; 2. Уюмду толук эмес өзүн-өзү каржылоого өткөрүү максатында толук эмес акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү).

«Сезим» кризистик борборунун Өнүгүүсүнүн жаңы стратегиялык планы – «Сезим» борборунун коллективдүү документи болуп саналат, анда уюмдун өткөн үч жылдык стратегиясынан алынган жетишкендиктердин бардык сабактары эске алынды.

Жакынкы үч жылга карата «Сезим» борборунун стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги багыттары:

  1. Аялдардын, кыздардын жана үй-бүлөнүн гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук жана адамдарды сатуу жаатындагы укуктарын коргоо.
  2. Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан, адамдарды сатуудан жапа чеккендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо
  3. Кыргызстандагы гендердик укук, үй-бүлөлүк зомбулук жана адамдарды сатуу жааттарындагы превентивдик (алдын алуучу), билим берүү жана эдвокаси ишмердүүлүктөрү;
  4. «Сезим» кризистик борборунун акы төлөнүүчү жана толук эмес акы төлөнүүчү билим берүү, адвокатык, консультациялык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрүн ишке киргизүү. Бул багыт «Сезим» борборунун мамлекеттик жана эл аралык донорлордон көз карандысыз толук эмес өзүн-өзү каржылоого өтүшүнө мүмкүндүк берет. Тике бенефициарлар үчүн  кызматтардын негизги бөлүгү акысыз көрсөтүлөт.