SIDP (Student Initiative Development Program) долбоорунун гранттын Борбордук Азиядагы Америка Университетинин студенттер тобу утуп алып, кризиске кабылган аялдарды узчулук чеберчиликке үйрөтүшөт. Бул сутденттердин биринчи долбоору эмес, буга чейин алар String-art жайкы лагерин уюштурушкан.
«Enactus AUCA» долбоорунун лидери Диана Акимова: « Бир ай аралыгында 4 адамдан турган эки топ кыска аралыкта тигүүчүлук кесипке үйрөтүлөт. Анда жумуш берүүчүлөрдүн талаптары эске алынган. Окууну бүткөн соң, өздөрүн жана балдарын камсыздоо үчүн жумуш таба алышат» деп билдирди.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары адатта аларга зомбулук көсөткөн күйөөлөрүнө же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө көз каранды болгондуктан, балдары менен финансалык жактан аларга көз каранды. Аялдардын көпчүлүгү атайын адистик же кесипке ээ эмес болгону дагы аларды экономикалык басмырлоого алып келүүдө.
Жыргал Карасартова: « Биз аялдардын маселелерин түшүнүп гана тим болбостон, аны чечүү менен өз өлкөбүзгө пайда алып келинүү көздөйбүз» деп кошумчалады.
(Сүрөттө: Диана Акимова, Жыргал Карасартова)