2015-жылы Бишкек шаарында трагедиялуу окуя катталып, анда 27 жаштагы Нурзат Калысбек кызы кадимки эле жоолук менен өзүн-өзү асынып өлгөн. Тергөө маалыдна күйөөсү Убукеев. Н келинчегин дайыма ур-токмокко алып, басмырлап келгени маалым болду. Үй-бүлөдөгү жашырылган көптөгөн фактылар сот отурумунда күбөөлөрдун көрсөтмөсү аркылуу ачыкка чыкты.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча сот отурумдарында “Сезим” кризистик борборунун директору Рыскулова Бүбүсара жабырлануучу тарапты коомдук коргоого алган.
2017-жылы март айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Убукеев аялын өлүмгө жеткиргендиги үчүн төрт жылга эркинен ажыратылып, (КР кылмыш-жазык Кодексинин 102 беренесинин 2-чи бөлүгүндө каралган жазанын негизинде) күчөтүлгөн режимде сот залынан камакка алынды.
(Сүрөттө: : Нурзат Калысбек кызы)