kyruen
  • Помочь

Ваканттык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт

«Сезим» Кризистик Борбору төмөнкү ваканттык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт:

  • Офис-менеджер;
  • Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адамдарды сатуудан жапа чеккендерге арналган Шелтер-Коопсуз үйүнө – түнкү кезметчи (2 ваканттык орун).

Офис-менеджердин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

  • жогорку билим;
  • иш кагаздарын жүргүзүүдөгү тажрыйба (2 жылдан аз эмес);
  • компьютерди жана оргтехниканы колдоно билүү;
  • кыргыз жана орус тилдерин билүү (сабаттуу жазуу жана сүйлөө, иш кагаздарын жүргүзүү);
  • мыкты коммуникациялык көндүмдөр.

Шелтердин түнкү кезметчисине талаптар:

  • жогорку билим, же социалдык кызмат жана/же психология адистиги боюнча окуган 4-5-курстун студенттери;
  • кыргыз жана орус тилдерин жакшы билүү;
  • мыкты коммуникациялык көндүмдөр;
  • түнкү сменага чыгуу мүмкүндүгү.                                                                                                  Шелтерде иштөө жана Ыкчам байланышта кеңеш берүү көндүмдөрүнө алдын ала үйрөтүү каралат.

Документтерди берүү мөөнөтү: 2019-ж., 17-январь, саат 15:00 чейин.

Резюмеңизди коштомо кат менен бирге centersezim@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүүңүздөрдү суранабыз.

Тел: +996 (312) 31 64 66; (555) 50 80 29