kyruen
  • Помочь

«Сезим» борборунун кардарлары «Биздин тандообуз» деп аталган долбоорго катышышты

Биздин борбордун кардарлары болуп саналган 68 аялдын арасында Мунар, Анара, Бактыгүл жана Касиет дагы Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш КИЖС  Фондунун – “Биздин тандообуз” деп аталган долбооруна катышышты. Долбоор жашоодо оор кырдаалга кабылган аялдардын экономикалык мүмкүндүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

68 аял долбоордун башталышында инсандык өсүү жана бизнести пландаштыруу боюнча тренингдерге катышышты.Натыйжада төрт катышуучу аял ийгиликтүү чакан бизнес-долбоорлорун иштеп чыгышып, өз ишкердигин жүргүзүү үчүн ар кандай жабдуу түрүндө берилүүчү гранттарды жеңип алышты.

Мунар жууп-тазалоо ишкердигин баштоо үчүн чаң соргуч жана жуугуч каражаттарды алды; Анара – сүт иштетүүчү сепаратор, Бактыгүл – бал муздакты өндүрүү жана сатуу үчүн муздаткыч, Касиет – маникюр жана педикюр жасоого арналган жабдуу алышты.

Азыркы учурда алар өз долбоорлорун ишке ашырууда ийгиликтүү эмгектенип, балдарын тарбиялап жатышат. Келечекке карай көптөгөн пландары бар.

  

Анаранын баяны (34 жашта). Анара эки баласы менен келип, “Сезим” борборуна жардам сурап кайрылган. Ал узак жылдар бою күйөөсү тараптан психологиялык жана экономикалык зомбулукка кабылып келген. Күйөөсү аны иштетпей, үй-бүлөлүк бюджетти башкарууга уруксат бербей келген. Ошондуктан аял күндөлүк чыгымдарды жабуу үчүн туугандарынан акча суроого мажбур болчу.  Шелтерде Анара реабилитациялык программадан өттү. Чыгыш-Батыш Коомдук фондунун “Инсандык өсүү” жана ”Бизнести пландаштыруу” боюнча тренингдерине жиберилген. Тренингдердин курсун аяктагандан кийин, Анара өзүнүн бизнес-долбоорун ийгиликтүү  жактады. Анара, сүт продуктыларын даярдоо боюнча өз ишимди ачсам, деп мурдатан кыялданып жүрчү экен. Сүт иштетүүгө арналган аппарат-сепараторду чакан грант иретинде утуп алды. Азыркы учурда Анаранын 2 ую жана бир нече музоосу бар. Буларды сатып алууга туугандары өз салымдарын кошушту. Анара иштеп чыгарган продукциясын базарда ийгиликтүү сатып өткөрүп жатат. “Сезим” борборунун психологдорунан күйөөсү менен чогуу консультация алгандан кийин, ал балдары менен үйүнө кайтып келди. Күйөөсү Анаранын бизнесине жардам бере баштады. Азыркы убакта үй-бүлөдө Анаранын инсандык өсүүсүнүн натыйжасында келип чыккан өзгөрүүлөр болуп жатат.

(Сүрөттө: “Биздин тандоо” долбоорунун катышуучулары; алардын суранычы боюнча беттери сүрөттө көрсөтүлгөн жок).