kyruen
  • Помочь

«НУР» ТРАНЗИТТИК СОЦИАЛДЫК ҮЙҮ

“НУР” Транзиттик социалдык үйү төмөнкү зордук-зомбулуктардан жабыркаган аялдар үчүн:

  •  сексуалдык зомбулук, мажбурлап, эрте никеге туруу, никеге туруу максатында ала качуу, көп аял алуу;
  •  үй-бүлөдөгү зомбулук;
  •  адам сатуу жана аялуу миграция.

Аялдар жашы жете элек балдар менен жашай алышат (эркек балдар – 12 жашка чейин).

Зордук-зомбулукка кабылган жашы жете элек балдар Транзиттик үйгө алардын ата-энелери же камкор адамдардын коштоосунда гана кабыл алынат.

Транзиттик үйдө жардам берүү эки программага ылайык жүргүзүлөт:
Чукул жардам көрсөтүү программасы коопсуз жайда зарыл болгон тез жардамды көрсөтүүгө багытталган.
  •  Жашоо мөөнөтү – 4 жумага чейин.
  • Программа бир  мезгилде 18 эне жана баланын жашоосуна шартталган.

 Биздин чукул жардам берүү программабыз бир катар маанилүү кызматтарды көрсөтөт:

  • психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүүгө;
  • адвокаттык коргоо жана сотто укуктук коргоо;
  • медициналык тез жардам кызматтарына жана социалдык колдоо көрсөтүү кызматтарына жолдомо берүү.
Узак мөөнөттүү жардам берүү программасы зордук-зомбулукка кабылган жана турмуштук оор кырдаалда калган аялдарды жана балдарды реабилитациялоого жана реинтеграциялоого багытталган.
  •  Жашоо мөөнөтү – 8 айга чейин.
  • Программа бир эле мезгилде 12 эне менен баланын жашоосуна шартталган.
  •  Программа аялдардын өз алдынча жашоого жана зордук-зомбулук абалынан чыгууга күчтүү, туруктуу мотивациясы болгондо, кыска мөөнөттүү программасынан кийин узак мөөнөттүү жардам көрсөтүлөт.

Аялдардын туруктуу реабилитациясы жана социалдык интеграциясы үчүн биздин узак мөөнөттүү жардам көрсөтүү программабыз жардам берүү үчүн бир катар кызматтарды көрсөтөт:

  • психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүүгө;
  • адвокаттык коргоо жана сотто укуктук коргоо;
  • жумуш квалификациясын алууга жана жумуш издөөгө жардам берүү;
  • балдарды мамлекеттик бала бакчаларга жана мектептерге каттоого жардам берүү.