kyruen
  • Помочь

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын мүмкүнчүлуктөрү менен ресурстарын кеңейтүү»

«Сезим»  борборунда  Кыргызстан – Казахстан  өлкөлөрү ортосундагы  BEARR Trust & INTRAC Central Asia  «Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын  мүмкүнчүлүктөрү менен ресурстарын кеңейтүү» долбоорунун алкагында  коомдук уюмдар арасындагы тажрыйба алмашуу визити болуп өттү.

Кыргызстандагы долбоор кризистик борборлор менен шелтерге  үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар менен иштеген соцалдык кызматкерлер үчүн колдономо, аялдардын укуктары тууралуу, жеке жана үй-бүлө маселери боюнча китептер  жана заманбап балдар адабияттарын тартатууга багытталган.

Коомдогу жана үй-бүлөдөгү  басмырлоого карата орус тилинде классикалык адабияттар менен катар, альтернативдүү  маалыматтар дагы сунушталды. Бишкек шаарында долбоордун алкагында  окуулар китепканаларда, коомдук уюмдар менен Жогорку Окуу жайларында  уюштурулуп, ага мыкты адистер, эксперттер чакырылды.

«Сезим» – кризистик борбору бул долбоордо өнөктөштөрдүн бири болгондуктан, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркангандар үчүн атайын чакан китепкана берилди. Китептер кайрылган адамдар менен иштешүүдө активдүү колдонулуп, кызматкерлер менен ыктыярчылардын  потенциалын жогорулатууга дагы пайдаланууда. Балдар адабияты Шелтер-коопсуз жайда балдар менен бирге окууда колдонулууда.

Кыргызстандагы делегация Алматы шаарында болгон соң, ушул долбоор боюнча  казакстандык өнөктөштөр 11-майда 2017 -жылы Бишкек шаарына келишип,  Борбордук Азиядагы аялдардын уктарын кеңири талкууга алып, гендердик,үй-бүлөлүк  зомбулуктан коргоо боюнча  коңшу мамлекеттердин иштери менен таанышты. Жолугушуулар INTRAС,  «Сезим» борборунда жана  Борбордук Азиядагы Америка универсиетинде өттү.