kyruen
  • Помочь

DIMES фондунун өкүлү биздин стратегиялык донорубуз Вернер Блаттер мырза иш сапары менен келди

DIMES фондунун (DIMES Foundation) өкүлү, биздин борбордун социалдык инвестору Вернер Блаттер мырза (Mr. Werner Blatter) 2017-жылдын 11- сентябрдан  тартып төрт күндүк  иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында коопсуз жай Шелтерге, Социалдык Транзиттик үйгө,  бир катар мамлекеттик жана коомдук, эл аралык уюмдарда иш чаралар каралган.

DIMES фонду акыркы 9 жыл аралыгында “Сезим” кризистик борбору менен кызматташып, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жана адам сатууга кабылган жарандарга карата негизги жардам көрсөтүп келет.

12- сентябрда  “Сезим”  кризистик борборунда социалдык тур уюштурулуп, ага Бишкек мэриясынын Социалдык Өнүктүрүү Башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков жетектеген  төрт райондун 14 социалдык кызматкери катышып,  бир багытта иштөө боюнча жолугушуу уюштурду.

Анда социалдык кызматкерлерге кризистик борбордун ишмердиги тууралуу тегерек үстөл уюштурулуп,  коопсуз жай Шелтердин жана Социалдык Транзиттик уйдүн  кызматтары менен тааныштыруу жүрдү.

Социалдык турдун негизги максаты:  “Сезим” борбору тууралуу кеңири маалымат берүү, гендердик жана үй-бүлөлук зомбулуктан жана адам сатууга кабылып,  жапа чеккен жарандарга кызмат көрсөтүүдө биргелешип иш алып баруу. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы жаңы социалдык кызматкерлер менен таанышуу.

  

Вернер Блаттер мырза жолугушуу маалында:  «9 жыл арлыгындагы кызматташууда байкаганым, жылдан жылга “Сезим” кризистик борборунун мүмкүнчүлүктөрү өссүүдө. Ал эми бүгүнкүдөй жолугушуу коомдук жана мамлекеттик кызматтардын биргелешип иштөөсү, бул социалдык тейлөөнүн  сапатын жакшыртат” –деген пикирин билдирди.

Ушул эле күнү Вернер Блаттер мырза  менен “Сезим” кризистик борборунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана Миграция боюнча Эл аралык уюмдун Кыргызстандагы башчысы Бермет Молдобаева менен жолугушуусу болду.

КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде социалдык коргоо, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктардан жана адам сатууга каршы күрөшүүдө келечекте мамлекеттик каржылоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сөз болду

  

Эл аралык Миграция уюмундагы жолугушууда адам сатуунун көйгөйлөрү талкууга алынып, Кыргызстандагы аярлуу миграцияга кызмат көрсөтүүдө жарандык демилгелерди эл аралык уюмдар тарабынан колдоого алуу зарылдыгы айтылды