kyruen
  • Помочь

27 жаштагы Нурзаттын өлүмү боюнча “Сезим” кризистик борбору сотто коомдук коргоого алды

 

2015-жылы Бишкек шаарында трагедиялуу окуя катталып, анда 27 жаштагы Нурзат Калысбек кызы кадимки эле жоолук менен өзүн-өзү асынып өлгөн. Тергөө маалыдна күйөөсү Убукеев. Н келинчегин дайыма ур-токмокко алып, басмырлап келгени маалым болду. Үй-бүлөдөгү жашырылган көптөгөн фактылар сот отурумунда күбөөлөрдун көрсөтмөсү  аркылуу  ачыкка чыкты.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча сот отурумдарында  “Сезим” кризистик борборунун директору Рыскулова Бүбүсара  жабырлануучу  тарапты коомдук коргоого алган.

2017-жылы март айында Бишкек шаарынын Октябрь  райондук соту  тарабынан Убукеев аялын өлүмгө жеткиргендиги үчүн төрт жылга эркинен ажыратылып, (КР кылмыш-жазык Кодексинин 102 беренесинин  2-чи бөлүгүндө каралган жазанын негизинде) күчөтүлгөн режимде  сот залынан камакка алынды.

(Сүрөттө: : Нурзат Калысбек кызы)