2018-жылы Кыргызстанда кыздарга жана аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы жыл сайын жүргүзүлүүчү эл аралык 16 күндүк акциянын өткөрүлүп жатканына 20 жыл болот. “Сезим” борборунун өз ишкердүүлүгүн жүргүзүп келе жатканына дагы 20 жыл болду.
Биздин борбордун тарыхы менен гендердик зомбулукка каршы дүйнөдөгү эң ири акциянын Кыргызстандагы тарыхынын жаштары бирдей. Бул акцияны биринчи жолу биздин өлкөдө өткөрүү жөнүндө демилгени 1998-жылы “Сезим”борбору көтөрүп чыккан. Ошол убактан тартып, биз аялдардын жана кыздардын укугун коргоого багытталган, өлкөбүзгө кенири жайылтылган эл аралык 16 күндүк кыймылдын катарындабыз.
Ошондуктан, өзүбүздүн 20 жылдыгыбызды акциянын маанилүү датасына айкалыштырып, 25-ноябрдан тартып – 10-декабрга чейинки күндөрдө белгилөөнү чечтик. Бул аркылуу үй-бүлөдөгү жана коомдогу дискриминацияны төмөндөтүү үчүн эмгегибизди эмнеден баштап, кандайча улантканыбызды эске салгыбыз келет.
Биз өз тарыхыбыз менен сыймыктанабыз.
(Сүрөт “Сезим” борборунун архивининен алынды).