kyruen
  • Помочь

Жашы жете элек кызды сексуалдык кулчулукка алган 30 жаштагы кылмышкер 17 жылга эркинен ажыратылды

15 жаштагы Алтынайды жоголгон адамдарды издеген “С.О.Б.” ыктыярчылар тобу  «Сезим» борборуна  жөнөтүшкөн.  Алтынай «Сезим» борборунун коопсуз жайы Шелтерге келген маалда  каттуу стресте болуп, балдар ооруканасына дарыланууга жаткырылган.

Буга чейин соттолгон 30 жаштагы Кубанычбек жашы жете элек кызды алдоо, коркутуу  жолу менен мыйзамсыз чек араны өтүп, Алматы шаарына алып чыгып кеткен. Кылмышкер кызды  сексуалдык зордуктоого алып,  психологиялык жана физикалык жактан ар дайым басмырлап турган.  Ал жашаган ордун тез-тез алмаштыргандыктан, табуу кыйындаган.  Чүй облустук Ички Иштер Башкармалыгынын кызматкерлери Казакстанга чыгып,  оперативдүү иш аракет жасап, Алтынайды эки айдан кийин табышкан.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анда жабыр тарткан тарапка  Сокулук райондук сотунун   отурумдарында «Сезим» борборунун жетекчиси жана адвокаты коргоого алышкан.

Жыйынтыгында 2017-жылы 6-апрелде  кылмышкерге карата сот өкүмү чыгып, анда КР Кылмыш жаза кодексинин: Зордуктоо, Жашы он алтыга жете элек кызды  сексуалдык жана башка иштерге мажбурлоо,  Жашы он жетиге жете элек кызды мажбурлап никеге тургузуу, Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөндүгүнө байланыштуу 17 жылга эркинен ажыратылды

(Этикалык талаптарга ылайык каармандардын аты өзгөртүлдү)