СЕЗИМ_2021


"2021-жыл глобалдык жана аймактык өзгөрүүлөр менен коштолду, биздин команданын жана уюмдун негизги жетишкендиги, бул стратегияларыбызды жаңы тобокелдиктерге, чакырыктарга адекваттуу адаптациялоо болду. Биз өзгөчө кардарларыбыздын, өнөктөштөрүбүздүн жана донорлорубуздун ишенимин баалайбыз, кызматташууга жана жаңы нерселерге даярбыз» (Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун директору)

БИЗДИН КЫЗМАТТАР


Ишеним телефону

Стационардык жана мобилдик байланыштар боюнча 1244 чалуу түшкөн (83% - аялдар, 17% - эркектер).


Юридикалык кызматтар

Кеӊседе: 326 кишиге 340 кеӊеш берилген.

Транзиттик үйдө: 44 аялга 90 кеӊеш берилген.


Адвокаттык коргоо боюнча

25 жарандык иш; 16 кылмыш иши козголгон.


Укук коргоочунун соттордо катышуусу

5 жарандык иш; 6 кылмыш иштери боюнча.


Психологиялык кызматтар

Кеӊседе: 427 кишиге 519 кеӊеш берилген.

Транзиттик үйдө: 92 аялга 1342 кеӊеш берилген.


Балдар психологу

84 балага 127 кеӊеш; 73 ата-энеге 102 кеӊеш берилген.


"Нур" Транзиттик Социалык Үйү

Ɵзгөчө кырдаал программасынын алкагында 250 адамга ( 95 аял жана 155 балага) ар тараптуу жардам көрсөтүлгөн.

Узак мөөнөттүү программанын алкагында 31 адамга (14 аял жана 17 бала) ар тараптуу жардам көрсөтүлгөн.

Айнура 31 жашта, жашы жете элек үч кызы бар.


Айнура 3 жашында ата-энесинен ажырап, 18 жашка чейин туугандарынын колунда тарбияланган. Бойго жеткенде өз алдынча жашоо баштоону сунушташкан.19 жашында 32 жаштагы кишинин наабайканасында техникалык жумушчу болуп иштеп жүргөн мезгилде, ал чала тааныш киши никеге турганга мажбурлаган. Бир күнү айлык төлөп берүү максатында аны үйүнө чакырып, шантаж аркылуу турмушка чыгууга көндүргөн, азыр үч баласы бар.


Күйөөсү жана кайненеси тарабынан физикалык, психологиялык зордук-зомбулкка кабылган. Ал бир нече жолу үйүнөн качып, 6 жылдык никеден кийин расмий түрдө ажырашып, бирок ар кандай коркутуулар жана көндүрүүлөр менен кайтып келген. Айнура кезектеги ур-соккудан кийин үйүнөн качып, үч баласы менен Бишкекке келген. «Сезим» ишеним телефонуна бей тааныш аял чалып, үч баласы бар аял убактылуу анын менен жашап жатканын айтып, күйөөсүнөн качып келгени, жардамга муктаж экендигин билдирген.


Айнура кыздары менен биздин Транзит социалдык үйүбүздө беш жарым ай жашашкан. Ал медициналык жардамга муктаж болуп, үй-бүлөлүк жашоосунда эки кабыргасы сынып, мээси чайкалган. Ɵзү жана эки улуу кызы психотерапевт жана балдар психологу менен реабилитациядан өтүшту. "Сезим" улуу кыздарын жаңы мектепке каттоого көмөктөшүп, кичүү кызы бала бакчага кабыл алынган.


Айнура бизнес-долбоор даярдап, тырмак сервисинин курстарын окуп, жумушка керектүү шаймандарды сатып алуу үчүн 300 доллар пайызсыз насыя алды. Ал окуган салондо ага жумуш сунушталып, Айнура маникюр-педикюр боюнча мастер болуп иштей баштаган. Көп өтпөй ал балдары менен ижарага алынган батирге көчүп кетти. Айнура “Сезимдин” адвокатынын жардамы менен балдардын атасынан алимент өндүргөн. Айнура биз менен байланышып, психотерапевт менен жолугушууну улантууда.


«Баарынан да коркконум, кайра мени таап, мажбурлап кайтарып, анан баякы ле уруп-сабоо, кемсинтуу башталат, мени коргоп, колдой турган эч ким жок эле. Биринчи жолу жардам сурап кайрылганым, бул жашоомдогу чоӊ бурулуш болду. Ɵзүмдү коопсуз сезип жана өзүмө ишеничпайда болду, күйөөм тынчыбызды албай калды.. эми мен иштеп келечек жөнүндө ойлоно алам”.

Мая 16 жашта, өгөй атасы тарабынан сексуалдык зордукка кабылган.


13 жашка чыкканда өгөй атасы,апасы жумушка кеткенин пайдаланып, зордук көрсөткөн. Өгөй атасы эгер кимдир бирөөгө айтсан, денеӊе залал келтирем деп коркуткан. Апасыэкинчи жолу эки кызы менен турмушка чыккан, Маянынөзүнөн эки жаш кичүү синдиси бар. Атасы катуу оорудан кийин каза болуп, беш жылдан кийин Маянын апасы турмушка чыгат. Маясиндисин жакшы көрөт жана ага абдан жакын, өгөй атасы апана айтсан,синдинди да ошондой кылам деп коркута баштаган.15 жашка чыкканда өгөй атасынын аракеттерине каршылык көрсөтүп, үйүнөн качып баштаган.


Апасы менен өгөй атасынын ортосунда чыр-чатактар ​​көбөйүп, апасы ажырашууну чечкен, андан кийин Маянын чоң апасына таандык батирге көчүп кетишкен. Өгөй атасы аларды куугунтуктай берген. Апасы кайра кайтып барат деп корккон Майя, өгөй атасы 13 жашынан баштап ага сексуалдык зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айткан. Апасы дароо “Сезим” борборуна жардам сурап кайрылган. «Сезим» борборунун юристинин жана адвокатынын жардамы менен «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ɵгөй атасы убактылуу кармоочу жайга камалды.


Туугандары аларды коркута башташкандыктан, Транзитник уйдө жашоого мажбур болушкан. Коркунучтарга байланыштуу Мая менен анын апасынын коопсуздугумаанилуу эле. Майяга ар тараптуу психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Тергөө иш-чараларында аны дайыма «Сезим» балдар психологу коштоп жүргөн.


Азыркы тапта иш сотко өтүп, биздин юрист жана адвокат ишти алып барууда. Майя апасы менен Транзиттик үйдөн өз үйлөрүнө кетишкен. Мая биздин психолог менен дайыма байланышта. Биздин социалдык кызматкерлер кыздын башка мектепке которулушуна жардам беришти.


«Мен апама эмне болуп жатканын айтуудан коркчумун. Апам менин кылык-жоругумдун өзгөргөнүн байкаса да унчуккан жокмун. Мен корктум. Бирок психологдун жардамы менен өзүмдү жакшы сезип, жеңилдеп калдым..."


Маянын апасы: «Кызым менен болгон окуя менин бүт өмүрүмдү чийди. Эми мен үчүн эң башкысы Мая мага кайрадан ишенип, жашоодо өз жолун таба алса болду. Мен кызым эмне болуп жатканын дароо байкабаганым үчүн өзүмдү эч качан кечире албайм".

БИЗДИН ДОЛБООРЛОР

Кыргыз Республикасынын Эмгек, Социалдык Коргоо жана Миграция Министрлигинен мамлекеттик социалдык заказдын алкагында «Нур» Транзиттик социалдык үйүн колдоо.
  • 84 аялжана 90 бала, жеке гигиеникалык каражаттар берилген.
  • Транзиттик үйүн тамак-аш, кошумча балдардын тамак-ашы жана «тез жардам аптечкасы» үчүн керектүү дары-дармектер менен камсыз болгон.
  • 19 аялга жол кире акысы берилген.
  • Транзиттик уйунун коммуналдык чыгымдары төлөнгөн.

Pro Victimis Foundation тарабынан колдоого алынган «Аялдарды жана кыздарды дискриминациядан коргоо» долбоору.
Долбоорду 2021-2023-жылдар аралыгында ишке ашыруу пландалууда. 2021-жылы долбоордун биринчи фазасы төрт компонентте ишке ашырылган:
Компонент 1. «Нур» Транзитник Социалдык Үйун программалык колдоо.
Компонент 2. Сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан укуктук коргоо.
  • 2021-жылы 10 оор жана өзгөчө оор гендердик кылмыштар боюнча укуктук коргоо ишке ашырылган. Анын ичинен сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын курмандыгы болгон жашы жете элек 5 кызды укуктук жактан коргоо.
  • 10 иштин ичинен 2021-жылы бир кылмыш иши жабырлануучунун пайдасына аяктаса, 2022-жылы 9 кылмыш иши боюнча иштер улантылган.
Компонент 3. Зордук-зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүүдө медициналык сектордун ролун күчөтүү.
  • Зордук-зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү механизмдерин жана инструменттерин киргизүү боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору менен өнөктөштүк. 48 Стамбул протоколу толтурулду. Зордук-зомбулукка кабылган 65 аял жана 47 балага медициналык жардам көрсөтүлгөн.
  • Жалпы практикалык дарыгерлер жана тез жардам бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыккан жана пайдаланылган - маалыматтык-методикалык материалдар: Пациенттер үчүн коопсуздук карталары; Плакаттар; «Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын аныктоо жана алгачкы кеңеш берүү» практикалык колдонмо.
  • Бишкек шаарынын Ленин райондук ОБСЕнин дарыгерлери үчүн төмөндөгүлөр өткөрүлдү: зомбулуктун курмандыктары менен иштөөнүн ыкмалары жана алгоритмдери боюнча эки 2 күндүк тренинг; эмоционалдык чарчоону азайтуу үчүн бир 2 күндүк тренинг.
Компонент 4. Кыргызстанда гендердик зомбулуктун жана дискриминациянын алдын алуу.

Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун жана Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттигинин колдоосу менен “Ковид-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин Борбордук Азиядагы мигранттарга жана коомчулуктарга тийгизген таасирин азайтуу” долбоору
  • Россиядан, БАЭден, Түркиядан, Казакстандан жана Франциядан кайтып келген 19 аялуу мигрантка (7 аял жана 12 эркек) кайтарымына жардам жана шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Транзит үйүндө адам сатуунун курмандыгы болгон бир аялга ар тараптуу жардам көрсөтүлдү.
ФИНАНСЫЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨР
9 604 млн. сом
«Сезим» борборунун эсебине түшкөн жалпы каражат
359 миӊ сом
мамлекеттик социалдык заказ (ЭСКММ КР); Бишкек ш. мэриясы
8 978 млн. сом
донорлордон түшкөн каражат
267 миӊ сом
жеке кайрымдуулук
3 193 млн. сом
мамлекеттик бюджетке төлөнүүчу салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү

Программанын чыгымдары

Транзиттик Социалдык Үйу - 45%

Юридикалык кызматтар - 18%

Психологиялык кызматтар - 16%

Ишеним телефону - 2%

Билим беру программасы - 8%

Медициналык секторго Cуб-грант - 5%

Административдик чыгымдар - 6%

Биздин штат_2021
22 штаттык и 6 тартылган адистер.
8 жергиликтүү и 3 эл аралык волонтерлор.
“Сезим” жамааты 2021-жылы бизге көрсөткөн жардамы, кызматташтыгы жана ишеними үчүн мамлекеттик, эл аралык, коомдук уюмдарга жана жеке адамдарга терең жана чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, Cоциалдык Kоргоо жана Миграция Министрлигине, Саламаттык Сактоо Министрлигине, Ички Иштер Министрлигине, Бишкек шаардык Мэриясына, DIMES Фондуна, ProVictimis Фондуна, Бавариялык Чыгыш Коомуна, биздин иш-аракеттерибизди колдогону үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Бул отчетто колдонулган визуалдык контент (сүрөттөр) Pinterest фотохостинг сайтында жалпыга жеткиликтүү.