СЕЗИМ 2020

#пандемия #үнсүз_пандемия
"Бул эпидемиянын оор эскертүүсү - биздин теңсиздигибизди эскертиши"
(Ольга Токарчук, Польша жазуучусу)
Дүйнө жүзүндө COVID-19 эпидемиясынын чыгышына байланыштуу карантиндик шарттар "үнсүз пандемия" - аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун күчөшү менен коштолууда. Бул кырдаал жардам кызматтары, анын ичинде кризистик борборлор үчүн кошумча түйшүктөрдү көрсөттү. 2020-жылы "Сезим" борбору өз ишмердүүлүгүн жаңы чакырыктарга жана тобокелдиктерге ылайыкташтыруу контекстинде иштеди:
  • Зомбулуктан жабыркагандарга укуктук жана психологиялык колдоо көрсөтүү;
  • Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу;
  • COVID-19 пандемиясынын учурунда карантинге байланыштуу үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.
"Сезим" 2020-жылдагы ишмердүүлүгүн Кыргызстандагы СOVID-19 эпидемиясынын жайылышына байланыштуу белгилүү мезгилде олуттуу өзгөрүүлөр менен жүргүздү.
Өзгөчө кырдаал учурунда, Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу (2020-жылдын 25 март-10 май айлары), "Сезим" өз ишин карантин жана пандемиянын шарттарына ылайыкташтыруу боюнча иш алып барган.
Жакын социалдык байланыштар менен кызматтарды көрсөтүү баш калкалоочу жайда (шелтер) жана Транзиттик социалдык үйдө кардарларды кабыл алуу убактылуу токтотулган. Өзгөчө кырдаал учурунда Транзиттик үйдө 5 аял жана 6 бала жашашкан, алар карантин киргизилгенге чейин келген.

"Сезим" командасы өз миссиясын алга жылдыруу үчүн онлайн платформаларды жана социалдык медианы колдонуу боюнча стратегияларды иштеп чыккан.

Үч кризистик мобилдик линия күнү-түнү иштеди. Өзгөчө кырдаал мезгилинде Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 115 арыз келип түшкөн. Жардам психологдордун жана юристтердин онлайн консультациялары аркылуу көрсөтүлдү; зарыл болгон учурда, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барган.

Пандемия жана карантин мезгилинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук учурунда жардам берүү үчүн бир катар видеолор Facebook жана Instagram баракчаларына жайгаштырылды.
1-июнунан тартып, "Сезим" оффлайн кызматтарын акырындык менен калыбына келтирүүнү баштады. Бирок COVID-19 эпидемиясынын июль-август айларында экинчи жолу жайылышына байланыштуу, оффлайн кызматтары кайрадан токтотулган.
2020-жылдын июль айында Бишкек шаарынын мэриясы "Сезим" баш калкалоочу жайы жайгашкан имаратты ковид-госпиталы катары пайдалануу ниетин билдирген. Буга байланыштуу, аталган дарек боюнча Шелтер жабылып, бул структура Транзиттик социалдык үй менен бириктирилген.

Пандемиянын экинчи толкунунун 2 айында кризистик мобилдик линияларга 65 чакыруу келип түшкөн.

"Сезим" борбору социалдык тармактарда төмөнкү темалар боюнча публикациялоону улантышты:
  • Карантиндик стресс;
  • Үй-бүлөлүк чыр-чатакты азайтуу жана чактаксыз мамиле куруу;
  • Карантиндик шартта балдарга колдоо көрсөтүү;
  • Жеке коопсуздук чаралары.
      2020-жылдын 1-сентябрынан баштап "Сезим" кардарлардын жана кызматкерлердин санитардык коопсуздук чараларын сактоо менен оффлайн кызматтарын калыбына келтирүү боюнча ишти баштады.

      Учурдагы пандемиянын шартында кеңсе жана Транзиттик социалдык үйдө иштөө үчүн иш-аракеттердин алгоритмдери иштелип чыккан жана инфекциядан коргонуу үчүн зарыл болгон санитардык шарттар киргизилген.

      Жеке кеңседе юридикалык жана психологиялык консультациялар улантылды.

      Адвокаттык коргоо жана соттордо укук коргоочунун катышуусу толугу менен жанданды.

      2020-жылдын 1-октябрында, "Нур" Транзиттик социалдык үйү жаңы кардарларды кабыл ала баштады.

      +996 (312) 512640 стационардык ишеним телефону жанданган


      БИЗДИН КЫЗМАТТАР_2020
      Ишеним телефонуна
      926 чалуу келген.


      Юридикалык кызматы
      297 адамга 410 консультация берилген.

      Жактоочунун соттордо катышуусу
      19 жарандык иши;
      7 кылмыш иши.

      Укук коргоочунун соттордо катышуусу
      5 жарандык иши;
      6 кылмыш иши.

      Психологиялык кызматы
      305 адамга 537 консультаця берилген .

      Балдар психологу

      81 ата-энеге 92 консультация берилген;
      40 балага 52 консультация берилген.

      "Нур" Транзиттик Социалдык Үйү
      коопсуз жашоо режиминде ар тараптуу жардам 56 аялга жана 77 балага берилген.

      Сезим борборунун негизги кызматтары DIMES Foundation (Испания) каржылык колдоосу менен ишке ашырылган.
      БИЗДИН ДОЛБООРЛОР_2020
      "Кыргызстандагы Медиацияны кесипкөйлүккө жеткирүүдөн тартып институционалдык өнүктүрүүгө чейин" долбоору Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашты.
      • "Сезим" борборунун жана КРнын Республикалык Медиаторлор Коомчулугунун 15 медиатору үй-бүлөлүк медиаторлорду жана үй-бүлөлүк медиация тренерлерин окутуу 3 деңгээлдүү программа боюнча Эл аралык тренер жана эксперт Татьяна Билыктан (Украина) өткөн.
      • "Сезим" борборунун тренерлери - үй-бүлөлүк медиарлору КРнын 25 медиатору үчүн "Үй бүлөлүк медиация. Негизги курс" программасынын алкагында тренинг өткөрүштү;
      • "Кыргызстандагы үй-бүлөлүк медиация институтунун өнүгүү жолдору жана келечеги" аттуу онлайн тегерек столу өткөрүлдү
      BEARR Trustтун колдоосу менен 55 жаштан ашкан турмуштук оор кырдаалда турган аялдар үчүн "Клуб Sezim 55+" долбоору.
      • "Сезим 55+" клубунун иш-чараларына 62 аял катышкан.
      • Аялдар үчүн юридикалык, укуктук жана психологиялык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
      Пандемия учурунда клубдун мүчөлөрү үчүн онлайн жардам тутуму жана социалдык пакеттер уюштурулган
        БИЗДИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕР_2020
        2020-жылы Чыгыш Бавария Коомунун (Германия) колдоосу менен зомбулукка кабылгандарга коопсуз жашоо шартында ар тараптуу жардам берүү программасынын - "Нур" Транзиттик Социалдык Үйүнүн институционалдык туруктуулугу камсыздалды. Баш калкалоочу жайдын жабылышына байланыштуу, "Сезим" борборунун программалык иш-аракеттери өзгөртүлүп, натыйжада "Нур" Транзиттик үйүнүн аймагында зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана балдар үчүн эки программа ишке ашырылууда: ыкчам жардам көрсөтүү программасы жана узак мөөнөттүү жардам берүү программасы.

        2020-жылы "Сезим" борбору сертификатталган билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү. "Сезим" КРнын Билим Берүү жана Илим Министрлигинен төмөнкү багыттар боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алган:
        • Үй бүлөлүк Медиация;
        • Зордук-зомбулук күнөөкөрлөрү үчүн түзөтүү программалары;
        • Психосоциалдык консультация берүүнүн негиздери.
        Үй-бүлөлүк медиация жаатында институционалдык кызматташуу боюнча иш баштады. "Сезим" БК менен КРнын Эмгек жана Социалдык Өнүктүрүү Министрлигинин ортосунда КРда Үй-бүлөлүк медиацияны өнүктүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
        "Пандемия башталган жылы биздин борбордун негизги жетишкендиги - олуттуу кыйынчылыктарга жана тобокелдиктерге карабастан, "Сезим" командасы карантин жана "үнсүз пандемия" шарттарында жардамдын жаңы стратегияларын жана алгоритмдерин ылайыкташтырып, зордук-зомбулукка кабылгандарга жардам көрсөтүүнү улантууда. Биздин командабыздын коопсуздугун камсыз кылуу жана өнөктөштөрүбүз менен донорлорубуздун ишенимин сактоо биз үчүн бирдей маанилүү болчу". (Бүбүсара Рыскулова, "Сезим" директору)
        ФИНАНСЫЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨР_2020
        23 968 миллион сом
        "Сезим" эсебине келип түшкөн
        15 922 миллион сом
        донорлодон келип түшкөн
        8 046 миллион сом
        жеке кайрымдуулук
        2 095 миллион сом
        өлчөмүндө мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү
        Программалар боюнча чыгымдар
        Шелтер - 21%
        Транзиттик Социалдык Үйү - 33%
        Юридикалык кызматтар - 13%
        Психологиялык кызматтар - 17%
        Ыкчам линия - 4%
        Окутуу программасы - 5%
        Административдик чыгашалар -
        7%
        Биздин штат_2020
        "Сезим" борборунда 20 штаттык жана 7 тартылган адистери иштеген;
        7 жергиликтүү жана 3 эл аралык ыктыярчылар колдогон.

        "Сезим" командасы 2020-жылы бизге көрсөткөн жардамы, кызматташтыгы жана ишеними үчүн мамлекеттик, эл аралык, коомдук уюмдарга жана жеке адамдарга ыраазычылык билдирет.

        Биз Кыргыз Республикасынын Cаламаттык Сактоо жана Cоциалдык Өнүгүү Министрлигине, DIMES Фондуна, Бавариянын Чыгыш Коомуна жана АКШнын Кыргызстандагы Элчилигине пандемия учурунда биздин иш-аракеттерди колдогону үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.