ЖЫЛДЫК ОТЧЕТ 2019
«Сезим» Кризистик Борбору

2019-жылы «Сезим» борбору 2018-2020 жылдарына түзүлгɵн Стратегиялык ɵнүгүү планынын негизинде тɵмɵнкү негизги багыттар боюнча иш-жүргүздү:

Аялдардын жана кыздардын укуктарын дискриминациялык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан коргоо
Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана адам сатуунун курмандыктарын реабилитациялоо жана реинтеграциялоo
Гендердик укук, үй-бүлөдөгү зомбулук жана адам сатуу жаатында алдын алуу жана билим берүү
Мамлекеттик органдардын жана
эл аралык донорлордун
колдоосу
Мамлекет менен социалдык өнөктөштүк
Бишкек шаар Мэриясы: «Сезим» Кризистик борборунун ишмердүүлүгү үчүн баш калкалоо жайы жана анын коммуналдык кызматтарынын толомдору.

КРнын Эмгек жана Социалдык ɵнүктүрүү Министрлиги: Мамлекеттик социалдык заказынын негизинде « үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына ар тараптуу жардам көрсөтүү» долбоорун ишке ашыруу.

КРнын Ички Иштер Министрлиги: зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо; башпаанектин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу.

КРнын Саламаттык Сактоо Министрилиги: «Сезим» борборунун кардарларына медициналык жардам көрсөтүү, анын ичинде Бишкек шаарынын Октябрь районунун Жалпы медициналык борбору менен келишимдин негизинде кызматташуу.
Эл аралык донорлордун колдоосу
DIMES Фонду: «Сезим» борборунун программалык жана уюштуруучулук ишин колдоо.

Бавария Чыгыш Коому: «Нур» Транзиттик социалдык үйүн колдоо.

Эл аралык Миграция Уюму: адам сатуунун курмандыктарына жана аялуу мигранттарга жардам көрсөтүү.

АКШнын КР Элчилигинин Демократиялык Комиссиясы: "Кыргызстанда үй-бүлөлүк медиацияны кесиптештирүүдөн институционалдык өнүктүрүүгө багыт алуу" долбоору.

BEARR Trust Фонду: Зордук-зомбулуктан жапа чеккен жана оор кырдаалга кабылган аялдар үчүн "Sezim 55+" клубунун уюштуруу.

Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү жана "КРдагы СПИД Фонд Чыгыш-Батыш" Kоомдук Фондунун "Биздин тандоо" долбоорунун катышуучусу
ПРОГРАММАЛЫК ИШМЕРДИК
2019
Аялдардын көбү гендердик, үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулук, жеке көйгөйлөр жана өз ара көзкарандылык боюнча кайрылышкан. Эркектер жеке мүнөздөгү көйгөйлөр, көз карандылык жана маалыматы алуу боюнча кайрылышкан.
Укуктук коргоо жана Юридикалык кызматтар
406 адамга 631 юридикалык кеӊеш; 102 доо арызы;
44 адвокаттын өтүнүчү; коргоо ордерин берүүгө 15 өтүнүч.
Соттордо адвокаттык коргоо:
43 жарандык иш (106 сотко катышуу); 7 кылмыш иши (47 сотко катышуу);
32 сот ишинде сот чечимдери «Сезим» борборунун кардарларынын пайдасына чыгарылган.
Соттордо коомдук коргоо:
4 кылмыш иши (7 сотко катышуу); 4 жарандык иш (25 сот отурумуна катышуу)
3 сот ишинде сот чечимдери «Сезим» борборунун кардарларынын пайдасына кабыл алынган.
Ишеним телефону (24/7)
Психологиялык кызматтар
Шелтер
Бишкек ш. мэриясынын, КРнын ЭСƟМнин, DIMES Фондунун колдоосу менен
Отчеттук мезгилде 319 адам башпаанек кызматын алышты, анын ичинде 145 аял жана 174 бала:
үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары - 139 аял жана 170 бала; сексуалдык зомбулуктун курмандыктары - 2 аял жана 2 жашы жете электер; мажбурлап никеге туруунун курмандыгы - 1 аял; адам сатуунун курмандыгы - 1 аял; аялуу мигранттар - 2 аял жана 2 бала.
Мадина 2019-жылдын апрель айында «Сезим» борборуна жардам сурап кайрылган. Улук медайымга адистешкен Мадина көп жылдар бою шаардык ооруканада иштеген. Мадина күйөөсү тарабынан такай кордолгон. Ал бардык көгала жерлерин эч кимге билгизбей кийими менен жаап жүрчү. Күйөөсү аны 5 жыл бою экинчи бала төрөй албай калдын деп айыптаган. Никени сактап калуу үчүн күйөөсү экɵɵ 2 айлык кызды багып алышкан. Күйөөсү аны урганын токтоткон эмес. Дагы бир жолу, Мадинаны катуу сабап салгандан кийин, ал качып кетүүнү чечкен (кийинчерээк доктурлар башы чайкалган деген диагноз коюшкан). Качып баратканда бутунан жаракат алып, кошуналарына чуркап киргенде, алар тез жардамды чакырышкан. Ооруканадан кийин Мадина балдарын алып, жардам сурап биздин баш калкалоочу жайга кайрылган. Аялдын психологиялык абалы оор жана ажырашууну каалаганын билдирген. Мадина 2 ай аралыгында реабилитация программасынан өтүп, колдоо топторуна катышкан. «Кыргызстандагы Чыгыш-Батыш» коомдук фондунун долбоорунун тренингтери аркылуу окуудан өткөн. «Сезим» борборунун юристинин жардамы менен ал ажырашуу жана мүлк бөлүштүрүү жөнүндө арызын берген. Күйөөсү менен чогуу жашаган 2 бөлмөлүү батир анын инисине катталгандыктан , Мадина турак-жайга ээлик кылалбай калган. Бирок ал күйөөсүнүн кымбат унаасын сот аркылуу алып, кийин сатып ордуна мейманкана тибиндеги шаар четинен 1 бөлмөлүү батир сатып алган. Мадина учурда эки баласы менен ошол батирде турат. Жергиликтүү ооруканага которулуп, медайым болуп иштейт. «Сезим» борбору кызын бала бакчага жайгаштырууга жардам кɵрсɵткɵн.
"Нур" Транзиттик Социалдык Үйү
Бавария Чыгыш Коомунун колдоосу менен
2019-жылы 31 адам TСΥдɵ жашашкан, анын ичинде 17 аял жана 14 бала. TСΥ социалдык реинтеграция мезгилинде социалдык аялуу жана аз камсыз болгон аялдарга жана алардын балдарына гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан жапа чеккендерге жардам берет: квалификацияны алуу, туруктуу турак жай жана жумуш табуу ж.б. кɵйгɵйлɵрүн чечүүгɵ кɵмɵктɵшɵт.
Психолог жана психотерапевт 422 адамга 1715 консультация өткөрүшкɵн, алардын 87% аялдар, 13% эркектер.
53% жеке кɵйгɵйлɵрү менен кайрылышкан; 27% - үй-бүлɵлүк зомбулуктун жабыркагандар;
12% - гендердик зомбулуктан жабыркагандар, 8% - башка.
15 үй-бүлɵлүк консультация ɵткɵрүлдү.
Балдар психологу 291 консультация өткɵзгɵн, алардын ичинен: 95 балдар жана өспүрүмдөргɵ 123 консультация;
133 ата-энеге 168 консультация.
2019-жылы 1321 чалуулар келип түшкөн, алардын 82% аялдар, 18% эркектер.
Мадина, 32 жашта,(уулу 9 жашта, кызы 2 жашта): "Албетте, эки баланы тарбиялоо жана багуу мага кыйын, бирок мен эч качан артка кайрылбайм, мен үчүн эң негизгиси, балдар азыркы тапта бейпил шартта жашашат".
Алымкан, 49 жашта: "Менин жашоом кээде жаман түштɵй сезилет, бирок мен ойгонгондо, жанымдагы мени колдогон адамдарды кɵрүп жүрɵгүм жылыйт".
«Сезим» борборуна Баткен облусунун райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчилиги аркылуу кайрылган. Алымкан чоң үй-бүлөдө чоңоюп, окуусун аяктагандан кийин турмушка чыккан. Алты жыл чогуу жашагандан кийин, күйөөсү "бала төрөбөгөнү үчүн" таштап кеткен. 1997-жылы ал экинчи жолу турмушка чыгып, күйөөсү менен Казакстанга жумушка, тамеки плантацияларында иштешкен. Күйөөсү кɵп ичип, катуу сабап салчу. Көпчүлүк учурда чыр-чатактардан улам, жумуш берүүчүлөр аларды жумуштан кетиришчү, башпаанек жана тамак-аш үчүн ар кандай жумуш менен алектенип, жумуш ордун алмаштырууга аргасыз болушкан. 2016-жылы ур-токмокко жана жакырчылыкка чыдай албаган Алымкан күйөөсүнөн качып кеткен. Бара турганга жери жок , документтерин жоголуп, ар кыл жумуштарда иштеп, күн ɵткɵргɵн. Суук болгон мезгилде, бейтааныш аял баш калкалоого жай берип, Алымкан ага үй жумуштарына жардам берген. Алымканга өз мекенине кайтуусун сунуштаган. Алымкан өзүн жаман сезип, тез-тез ооруп жүрчү.Кайдыгер карабан аял Кыргызстандын консулдугу менен байланышка чыгып, Алымкандын Кыргызстанга 2019-жылдын жаз мезгилинде кайтып келүүсүнɵ жардам берген. Кыргызстан кайтып келен соӊ райондук ооруканага жаткырылып, жергиликтүү социалдык өнүгүү бөлүмү документтерин калыбына келтирип, «Сезим» борборуна реабилитациялоо жардамын алуу үчүн келген. Анын ата-энеси каза болуп, туугандары кабыл алуудан баш тартышкан. Баш калкалоочу жайда Алымкан психологиялык жардам алып, Эл аралык миграция уюмунун программасынын алкагында топтук тренингдерге активдүү катышкан. Андан кийин үч ай бою Транзиттик үйдө жашап, супермаркетте тазалоочу болуп иштеген. «Сезим» ага Бишкек шаарынын жанындагы айыл чарба компаниясында жумуш табууга жардам берген. Алгач, «Сезим» тамак-аш жана зарыл нерселер менен жардам кɵрсɵткɵн. Учурда айыл-чарба компаниясында иштейт жана «Сезим» борборунун психологу менен байланышта.
БИЗДИН ДОЛБООРЛОР
2019
КРнын ЭСƟМнин мамлекеттик социалдык заказынын негизинде «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккендерге ар тараптуу жардам көрсөтүү» (2018-жылдын ноябры - 2019-жылдын ноябры). Долбоор «Сезим» борборунун баш калкалоосунда жашаган үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөттү.

Эл аралык Миграция Уюмунун колдоосу менен "Адам сатуунун курмандыктарына жана аялуу мигранттарга жардам" (2019-жылдын март-сентябрь айлары). 3 аял жана 2 бала адам сатуунун курмандыктары жана аялуу миграциянын катары жардам алышкан.

Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен "Үй-бүлөлүк Медиацияны кесиптештирүүдөн институционалдык өнүктүрүүгө багыт алуу" долбоору.(2019-жылдын сентябрынан - 2020-жылдын сентябрына чейин). Долбоордун алкагында 2019-жылдын ноябрь айында «Сезим» борборунун кеӊсесинде Украинадан келген Эл аралык эксперт-тренер Татьяна Билык үй-бүлөлүк медиация боюнча тренингдерин өткөзгɵн. "Сезим" борборунан жана "Кыргыз Республикасынын медиаторлордун коомдоштугунан» 3 деңгээлдеги тренингдерге 15 медиатор катышты: "Үй-бүлөлүк медиация"; "Жашы жете электердин катышуусу менен үй-бүлөлүк медиация"; "Үй-бүлөлүк медиация боюнча тренерлер үчүн тренинг".

BEARR Trust колдоосу менен "Жаңы башталыштар" (2019-жылдын июну - 2020-жылдын июнуна чейин). Долбоордун алкагында «Сезим 55+» клубу зордук-зомбулуктан жапа чеккен жана турмуштук оор кырдаалга кабылган пенсия курагындагы аялдар үчүн уюштурулган. Долбоордун максаты социалдык обочолонууну жеңүү, юридикалык жана психосоциалдык жардамга жетүү аркылуу улгайган аялдардын жашоосун жакшыртуу. Долбоорго 50 аял катышты. Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк Эл аралык кампаниянын жүрүшүндө «Сезим 55+» клубу Форум театрын уюштуруп, Бишкектеги төрт ЖОЖларда иш-чараларды өткөрдү: бул улуу муун менен студенттердин ортосунда Кыргызстандагы аялдар менен кыздарга карата гендердик зомбулуктун көйгөйлөрү боюнча диалог болду.

Кыргызстандагы Чыгыш-Батыш КФ менен кызматташуунун алкагында «Сезим» борбору БУУнун колдоосу менен "Биздин тандообуз - Кыргызстандагы аялуу аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү" долбооруна катышты (2017-жылдын августу - 2019-жылдын июль айына чейин). Долбоордун максаты: турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдардын социалдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Долбоорго «Сезим» борборунун кардарлары болгон 117 аял катышкан. 2019-жылы 69 аялга жардам көрсөтүлгɵн: 34 аял иш менен камсыз болуп; 38 аял "Карьерадагы жана жашоодогу ийгиликтерим" жана "Бизнести башкаруу" тренингдеринде окушкан; 4 аялга эмгек шаймандары түрүндө кичи гранттар берилген.
2019ж. карата финансылык кɵрсɵткүчтɵр
Tilda Publishing
$ 150 580,00
"Сезим" борборунун эсебине түшкөн бардык каражаттар
$ 3 450,00
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен
$ 1 530,00
Жеке кайрымдуулук
$ 28 815,00
Төлөнгөн салыктар жана мамлекеттик бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрү
Программалар боюнча чыгымдар:
Шелтер жана кардарларга түздɵн түз жардам кɵрсɵтүү - 44%
"Нур" Транзиттик Социалдык Υйу - 6%
Юридикалык жана Адвокаттык кызматтар- 13%
Психологиялык кызматы - 16%
Ишеним телефону - 1%
Окуу программасы - 9%
Административдик чыгымдар -
11%
2019-ж. "Сезим" борборунда 20 штаттык жана 5 тартылган адистер иштеди.
"Сезимди" 14 жергиликтүү жана 3 эл аралык волонтерлор колдогон.
«Сезим» борбору мамлекеттик, эл аралык, коомдук уюмдарга жана жеке жактарга жардамы, кызматташуусу жана ишеними үчүн терең ыраазычылыгын билдирет!

Бардык колдоолоруңуз Кыргызстандагы гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукту жана адам сатууну азайтууга багытталган.
+996 312 316466; 552 512640
centersezim@gmail.com
Кыргыз Республикасы, 720017,
Бишкек шаары, Табышалиев көч. 3