ПРОГРАММАЛЫК ОТЧЕТ 2018-ж.
"СЕЗИМ" КРИЗИСТИК БОРБОРУ КООМДУК БИРИКМЕСИ
Бишкек, Кыргызстан
Урматтуу достор жана окурмандар!
Сиздердин көңүлүңүздөргө 2018-жылга карата отчетубузду жана уюмубуздун 20 жылдын аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүн сунуш кылабыз.

2018-жылы "Сезим" борборунун негизделгенине 20 жыл толду. 1998-жылдан тартып, уюмубуздун ишмердүүлүгү аялдардын укуктук кыймылынын жана өлкөбүздөгү жарандык коомдун жалпы өнүгүшү менен тыгыз байланышта болуп келди.

Кыргызстандын соңку тарыхындагы олуттуу жылдарда бейөкмөт сектор калыптана баштаган; гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукту жана адамдарды сатууну жоюу боюнча алгачкы мыйзамдарды жактоодон тартып, биздин борбор өлкөбүздөгү гендердик тең укуктуулук үчүн күрөштүн бардык этаптарына активдүү катышты. Учурда коомдо радикалдашуунун жана гендердик дискриминациянын күч алуусунун тобокелдиги орун алууда. Ушундай шартта «Сезим» борбору Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту азайтуу боюнча өзүнүн миссиясын жана маселелерин аткарууну улантып келе жатат.

Бардык өнөктөштөрүбүзгө, донорлорго жана айланабыздагы бизге тилектеш элге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздардын негизинде өлкөбүздөгү гумандуулуктун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошууга мүмкүндүккө ээ болуп келе жатабыз. Бизге көрсөткөн ишеничтери үчүн кардарларыбызга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

1998-2018

20 жылдын аралыгында
25 000ден ашык адамга биздин борбордун колдоосу көрсөтүлдү (78% - аялдар, 9% - эркектер, 13% - балдар)

31 089 психологиялык жана юридикалык консультациялар;

1768 адам үчүн соттордо адвокаттык жана коомдук коргоо көрсөтүлдү;

2172 чоңдор жана 1368 балдар Шелтердин - Коопсуз үйдүн кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышты;

111 аялдар жана 96 балдар Транзиттик Социалдык Үйдө жашашты;

Ыкчам Байланыш кызматына 42 900 кайрылуу жасалды.
_______

20 жылдын аралыгында бюджетке 18,7 млн. сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү которулду.

Борбордун кардарларына жардам көрсөтүүнү каржылоо
25,6 млн. сомду түздү.
2018 жыл
БИЗДИН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР
Консультациялык кызматтар

453 адамга 650 юридикалык жардам көрсөтүлдү.

440 чоңдорго 1681 психологиялык консультация, 78 балага 118 консультация берилди.

Кененирээк
Адвокаттык жана коомдук коргоо
Соттордо адвокаттык коргоо: 47 жарандык иште жана 5 кылмыш ишинде көрсөтүлдү.

Соттордо коомдук коргоо: 8 кылмыш ишинде жана 4 жарандык иште көрсөтүлдү.

Кененирээк
Шелтер жана
Транзиттик Социалдык Үй

Шелтердин кызматынан 358 адам (175 аял, 165 балдар жана 18 эркек) пайдаланды.

Транзиттик Социалдык Үйдө 26 адам (15 аял жана 11 балдар) жашашты.

Кененирээк
БИЗДИН КАРДАРЛАР ОЙ БӨЛҮШҮШӨТ:
«Азыркы учурда менчик чакан сулуулук салонум бар. Эки жыл мурда мындай мүмкүндүк болорун оюма да келтире албайт элем. «Сезим» борборунун, Чыгыш-Батыш фондунун жана Эл аралык миграция уюмунун жардамы менен экономикалык мүмкүндүктөрдү кеңейтүү боюнча окутуу курсун бүтүрдүм. Тырмак көркөмдөө боюнча стажировкадан өтүп, грант утуп алдым!»
Самара
«Менин жашоомдо зомбулук эч качан токтобойт, деп ойлочумун. Бир күнү мындан ары чыдай албай турганымды түшүндүм. «Сезим борборунан мен кесипкөй адамдарды гана эмес, мээримдүү курбуларды да таптым. Бала чагымда комуз чертип, ырдачумун. Шелтерде мага комузду белек кылышты. Чач тарачтык кесипке үйрөнүүгө, жабдууларды сатып алууга жардам беришти. Мурдагы кыйналган жашоомдогу кыялдарымдын көпчүлүгү бара-бара ишке ашып келе жатат. Балдарым балдар бакчасына барышат. Жүрөгүмдө кайрадан тынчтык орун алды».
Астра
«Жашоомдогу оор күндөрдө мага жардам көрсөткөн бардык адамдарга ыракмат айтам. Бүбүсара эжеге, психологдор Наталья менен Викторияга өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдун келечегине көз жүгүртүүгө жетишкенимден кийин, мага «Менин тандоом» долбоору абдан түрткү берди. Мен окуп, клининг ишмердүүлүгүнө зарыл болуучу чаң соргучка жана жууп-тазалоо каражаттарына грант утуп алдым. Азыркы күндө өз балдарымды багууга мүмкүндүккө ээ болдум. Мындан көп жыл мурдагыдай эле, кайрадан келечекке пландарды түзүүдөмүн».
Касиет
БИЗДИН КЫЗМАТТАШТЫК
1
Мамлекет менен социалдык өнөктөштүк
«Сезим» борборунун Шелтеринин ишмердүүлүгү үчүн турак жайды жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү Бишкек шаарынын Мэриясы камсыздап келе жатат.

2018-жылдын ноябрь айында биздин борбор КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик социалдык заказынын алкагында «Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге комплекстүү жардам көрсөтүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн тендерди утуп алды.

2
КР Омбудсмени менен кызматташуу жөнүндө Меморандум
2018-жылдын октябрь айында биз КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюп, КР аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо өз ара аракеттешүү боюнча өнөктөштүк иштерди баштадык.
3
Эл аралык донорлордун жардамы

DIMES фондунун колдоосу менен «Сезим» борборунун негизги программалык ишмердүүлүгү жана кызмат көрсөтүүлөрү ишке ашырылды.

Чыгыш Бавария Коомунун колдоосу алдында Транзиттик социалдык үйдүн ишмердүүлүгү ишке ашырылды.

4
Кыргызстанда радикалдаштыруунун алдын алуу боюнча КР Бейөкмөт уюмдарынын тармагы
«Сезим» борбору КР Бейөкмөт уюмдарынын Кыргызстанда радикалдаштыруунун алдын алуу боюнча платформасын түзүүгө арналган бир жылдык программага катышты. 2018-жылдын декабрында Кыргызстанда радикалдаштыруунун алдын алуу жана экстремизм менен күрөшүү багытында кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана өз ара эксперттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикаынын 15 Бейөкмөт уюму менен Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
5
«СПИД Фонд Чыгыш Батыш КР» Коомдук фондунун «Биздин тандоо» долбоору
«Биздин тандоо» долбоорунун алкагында инсандык өсүү жана бизнести пландаштыруу боюнча тренингдерге 68 аял катышты. Бул долбоор оор турмуштук кырдаалга туш болгон аялдардын экономикалык мүмкүндүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Катышуучуларлдын арасынан төрт аял ийгиликтүү чакан бизнес-долбоорлорду иштеп чыгып, өз ишмердүүлүктөрү үчүн жабдуу түрүндө гранттарды утуп алышты.
47 аял Бишкек шаарынын ар башка уюмдарына ишке орношушту.
6
Гендердик зомбулукка каршы эл аралык 16 күндүк акция
«Сезим» борбору негизделген жылдан тартып Гендердик зомбулукка каршы эл аралык 16 күндүк акциянын алкагында иш-чараларды жүргүзүп келе жатат. 20 жылдык юбилейлик жылыбызда Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларында «Сезим» борборунун жаштар тармагы тарабынан демилгеленген форум-театрларды өткөрдүк. Бул иш чаралар студенттик жатаканалардын жаштар бирикмелеринин өнөктөштүгү менен жүзөгө ашырылып, ага Искусство институтунун театралдык факультетинин студенттери тартылышты.


КАЙРЫМДУУЛУК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ
Биздин команда кардарларыбызга кайрымдуулук жардамын көрсөтүшкөн жергиликтүү жана чет элдик жарандарга жана уюмдарга ыраазычылыгын билдирет, алардын ичинде:

- W210club.bishkek клубунун өкүлдөрүнө;
- Interact Club of Bishkek жаш волонтерлоруна;
- Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин студенттерине;
- өзүбүздүн Айжамалга, - ал биздин Шелтердеги аялдарга жана балдарга улам-улам кийим жана азык продуктуларын алып келип турат.

Мындан башка, биздин аялдар менен балдардын муктаждыктары үчүн каражат которуп, аты-жөнү белгисиз бойдон калган кайдыгер эмес адамдарга.

2018-жылга карата финансылык көрсөткүчтөр
Бардыгы болуп бюджетке
1 931 175 сом = 28 152 $ суммадагы салыктар жана камсыздоо төлөмдөрү төлөндү.

Штаттык кызматкерлердин саны - 18 адам;
Ишке тартылган адистер жана консультанттар - 5 адам.

Биз өлкөбүздүн мамлекеттик органдарына
ыраазычылыгыбызды билдиребиз:
Бишкек шаар Мэриясына,

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине,
КР Ички иштер министрлигине,
КР Саламаттык сактоо министрлигине,
№6 шаардык поликлиникасына
;


Эл аралык донорлорго:
DIMES фондуна (Испания),
Миграция боюнча Эл аралык Уюмга,
Чыгыш Бавария Коомуна (Германия)
;

Коомдук уюмдарга:
"СПИД Чыгыш Батыш КР" КФ,
"Балдарды коргоо борбору" КБ,
«Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» КФ
"Ырайымдуулук борбору" КФ,
"Сүйүүнүн колдору" КБ,
КР Кризистик Борборлорго;

«Сезим» КБ Байкоо Kеңешине жана Мүчөлөрүнө,-
ишмердүүлүгүбүзгө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн.
Биздин контакттар:
Биздин дарегибиз:
Кыргызстан, 720017,
Бишкек ш., Табышалиев кѳч. 3

Телефон: +996 312 316466: 512640
E-mail: centersezim@gmail.com
Web site: www.sezim.org