kyruen
  • Помочь

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Ата Мекен алдындагы өзгөчө салымы үчүн “Даңк” Медалы менен  сыйланды

2017-жылы 12- июлда  мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев А.Ш.  Ата Мекенге өзгөчө кызмат көрсөткөн инсандарга мамлекеттик сыйлык тапшырды. Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондордун арасында – “Сезим” кризистик борбоунун жетекчиси  Бүбүсара Рыскулова Кыргызстандын коомдук турмушуна жигердүү катышып,  кайрымдуулук иштеринде жасаган зор салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйланды . Бул анын адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик  жана Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгү үчүн жасаган талбас көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы .

            

Рыскулова Бүбүсара – Кыргызстан эгемендик алган жылдан бери аялдар кыймылына активдүү  катышкан лидерлердин бири; Борбордук Азия аймагында биринчилерден болуп гендердик,үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар менен анын балдары үчүн коопсуз жай -Шелтерди ачып, Кыргызстандагы эл аралык стандартка жооп берген “Сезим” кризистик борборун негиздеген жетекчи, Кыргызстандагы адам укуктары боюнча мыйзамдардын кабыл алынышына, коомдук иштерге жигердүү катышкан инсандардын бири. 25 жыл аралыгында өлкөнүн коомдук иштерине активдүү катышып, гендердик теңчилик жана коомдогу үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө баардык аракеттин көргөн коомдук ишмер.

_______________________________________________________________________

«Даңк» медалы — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы.1996-жылы 16-апрелде  “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сыйлыктар” мыйзамы аркылуу белгиленген.  

 «Даңк» медалы  менен мамлекеттик кызматтардагы жетишкен өзгөчө ийгилиги, өнөр жай, илимий-техникалык,чыгармачылык, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде кошкон зор салымы үчүн  КР жарандары сыйланат.  _______________________________________________________________________