kyruen
  • Помочь

«Сезим» кризистик борбору үй-бүлөлүк медиацияны турмушка ашыруу үчүн алгачкы кадамдарын баштады

«Сезим» борборунда  15 адам  «Медиациянын базалык курсу»  боюнча  5-күндүк тренинг өтүп,  ага  Кыргызстандагы Швейцария элчилиги финансалык колдоо көрсөттү .

Жогорудагы тренинг «Сезим» борборунун үй-бүлөлук медиацияга карата жасалган алгачкы маанилүү кадамы болду.  Анткени, буга чейин эле «Сезим» кризистик борбору  сотко чейинки талаштарды чечүүдө үй-бүлөлүк медиацияны тажрыйбага ашыруу үчүн даярдыктарды көрүп келген.

       

Кыргызстанда медиацияны  ишке ашырууру процесси башталды. 2017-жылдын 22 –июнунда КР Парламенти  “Медиация тууралуу” мыйзамды  үчүнчү окууда кабыл алган.  Сотко чейинки талаш- тартышты чечүүдө медиаторлордун кызматынан пайдалануу сот системасындагы  иштер кыскарып,  жарандык жана экономикалык  иштердин сапаттуу чечилиши менен өлкөдөгү  сот реформасынын жөнгө салынышына өбөлгө болмокчу.

Учурда өлкөдө медиация боюнча иш алып барган уюмдар жана медиаторлор  аз болгондуктан, медиацияны турмушта колдонуу үчүн  «Сезим»  борбору  өз ишмердигине кесипкөй медиаторлорду даярдоо маанилүү кадамдарды жасай баштады.

Жогорудагы тренингде Гулсина Кожоярова (медиатор, “Медиация боюнча улуттук борбордун” төрайымы) тренер-окуутуучу болду.

Ал эми июль айынын аягында  «Сезим»  борборунда  үй-бүлөлук медиация боюнча тренигдин экинчи баскычы өткөрүлөт. Анда  үй-бүлөлүк медиация  боюнча эл аралык деңгээлдеги окуутуучу –тренер Англиядан чакырылууда.

_______________________________________________________________________

КР  « Медиация жөнүндөгү» мыйзамы

Бул мыйзам Кыргыз Республикасында укуктук негизде талаш –тартыштарды сотко жеткирбей жөнгө салуу, жарандардын укуктарын ,  эркиндиги жана кызыкчылктарын коргоо, ишмердик мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле мамиле түзө билүү этикасын калыптандыруу, социалдык карым-катнаштарды шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.  

  1. Бул мыйзам жарандык,үй-бүлөлүк жана эмектик мамилелер боюнча  талаш тартыштарды жөнгө салууда медиацияны  колдоонуу  аркылуу  чечилет.
  2. Медиация кылмыш-укуктук талаштарды чечүүдө мыйзамда каралган тартипте  каралат.
  3. Медиация эгерде ага катышпаган үчүнчү тараптын кызыкчылыгы корголбосо, мүмкүнчүлүгү чектелген (психикалык саламаттыгы жок адамдар) катышпайт, эгерде мүмкунчүлүгү чектелген адамдын кызыкчылыгын коргогон тарап катышса ,анда  медиация колдонулат.

_______________________________________________________________________