kyruen
  • Помочь

«Сезим» борборунда “Үй-бүлөлүк медиация турмушта” деген практикалык курс башталды

26 – 30 июлга чейинки аралыкта  «Сезим»  кризистик борборунда  “Үй-бүлөлүк медиация турмушта” деген практикалык 5 күндүк тренинг башталды. Экинчи баскычтагы тренингке борбордун кызматкерлери, мүчөлөрү жана ыктыярчылары  катышууда. Тренигке Англиядан (Манчестер) жогорку квалификациядагы мыкты жана тажрыйбалуу үй-бүлөлүк медиатор Евгения Рамбл чакырылган.

Жогорудагы окуутууга Кыргызстандагы Швейцрия Элчилиги финансалык колдоо көрсөттү.

  

«Сезим»  борбору өлкөдө алгачкылардан болуп үй-бүлөлүк медиацияны турмушка ашырууга кадам таштады.  Окуутулар аяктаган соң, «Сезим»  борборунда Үй-бүлөлүк Медиация боюнча база ачылып, анда конфликтерди сотко жеткирбей чечүү боюнча баардык шарттар түзүлөт.

Үй-бүлөлүк медиация Кыргызстандагы жарандардын укуктарын, аярлуу үй-бүлө мүчөлөрүн жана жашы жете элек балдарды, гендердик, үй-бүлөлүк  зомбулуктан коргоого багытталган.

______________________________________________________________________

2017-жылы июнда КР Жогорку Кеңеши “Медиация тууралуу” мыйзамды үч окууда кабыл алган.

 Бул мыйзам Кыргыз Республикасында укуктук негизде талаш –тартыштарды сотко жеткирбей жөнгө салуу, жарандардын укуктарын ,  эркиндиги жана кызыкчылктарын коргоо, ишмердик мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле мамиле түзө билүү этикасын калыптандыруу, социалдык карым-катнаштарды шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.  

  1. Бул мыйзам жарандык,үй-бүлөлүк жана эмектик мамилелер боюнча  талаш тартыштарды жөнгө салууда медиацияны  колдоонуу  аркылуу  чечилет.
  2. Медиация кылмыш-укуктук талаштарды чечүүдө мыйзамда каралган тартипте  каралат.
  3. Медиация эгерде ага катышпаган үчүнчү тараптын кызыкчылыгы корголбосо, мүмкүнчүлүгү чектелген (психикалык саламаттыгы жок адамдар) катышпайт, эгерде мүмкунчүлүгү чектелген адамдын кызыкчылыгын коргогон тарап катышса, анда медиация колдонулат.