«НУР» СТҮ
- Транзиттик социалдык үй «Нур» өз ишмердигин 2011-жылы ГЕРМАНИЯНЫН БАВАР ЧЫГЫШ КООМЧУЛУГУНУН (Bayerische Ostgeselschaft) колдоосунда баштаган.
- «НУР» СТҮ кардарлары шелтерде базалык реаблитациядан өткөндөн кийин кабыл алынат. Бул аялдар жана алардын балдары үчүн реинтеграция маалында берилүүчү убактылуу социалдык жай болуп саналат
- Социалдык турак жайда бир эле учурда 15 адам жашай алат. Ал жер аялдардын балдары менен жашап турууга ылайыкташылган.
- Социалдык турак жайда жашоо убактысы 8 айга чейин
- Социалдык турак жайдын тургуну бизнес-долбоор жазса, ага (500 АКШ доллары көлөмүндө) пайызсыз насыя (билим алууга же чакан ишкердик баштоого) берилет.