ШЕЛТЕР ЖӨНҮНДӨ
- «Сезим» борборунун коопсуз жайы – ШЕЛТЕР өз ишмердүүлүгүн 2003-жылы жүргүзө баштаган, бүгүнкү күнү Бишкек шаары жана Чүй областынын аймагында гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук менен адам сатуудан жабыркаган кыздарга/аялдарга максаттуу жардам көрсөткөн жалгыз коопсуз жай
- Шелтерде жашоо мөнөтү – 1 айдан (муктаждыкка жараша 2-айга чейин)
- ШЕЛТЕРДЕ жашоо убактысында кардарлар укуктук, психологиялык/психотерапиялык жана социалдык жардам ала алышат.
Муктаждыккка жараша өнөктөштөр жана тийиштүү уюмдар менен биргеликте көрсөтүлөт - ШЕЛТЕРде бир эле убакта 20 адам жашай алат
- ШЕЛТЕРЕде реабилитациялык иш-чаралар жүргүзүлүп, анда арттерапия, өзүнө-өзү жардам берүүчү топтор иштейт
- ШЕЛТЕР аялдардын балдары менен жашоосуна ыңгайланышкан (балдар бөлмөсү жана балдар аянтчасы бар).
БИЗДИН ӨНӨКТӨШТӨР:
- 2003-2005-жылдары ШЕЛТЕР үчүн алгачкы колдоону КР АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясы көрсөткөн
- 2005-жылдан бери Бишкек шаардык мэриясы Шелтердин имараты менен коммуналдык кызматтарды толук каржылайт.
- 2012-жылдан бери Шелтердин базасында КР Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги тарабынан мамлекеттик тапшырма боюнча социалдык долбоор ишке ашырылып келет.
- Шелтерге колдоо көрсөткөндөр: Миграция боюнча эл аралык уюм, Сорос-Кыргызстан фонду, «HIVOS» жана «Оxfam Novib» эл аралык уюмдары
- 2009-жылдан азыркы учурга чейин DIMES фонду тарабынан программалык каржылоого алынып келүүдө