kyruen
  • Помочь

«Кыздар менен аялдар арасында зомбулукту жашырбайлы»

«Гендердик зомбулукка  каршы 16 күндүк активдүүлүккө» карата   жана  БУУнун  Башкы Катчылыгынын “Кыздар менен аялдарга карата зомбулукту БИРГЕ токтотобуз команиясынын алкагында, Кыргызстанагы Сорос Фонду, “Сезим” Кризистик борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү, Кыргызстандагы Интерньюс команиясы биргеликте гендердик зомбулукка  каршы   жана  анын алдын алуу  боюнча  ММК жана медиа компаниялар арасында «Кыздар менен аялдар арасында зомбулукту жашырбайлы» сынагын жыйынтыктады.

Сынактын негизги максаты Кыргызстандагы кыздар менен аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу, коомчулуктун аң сезимин жогорулатуу  болуп саналат.

Сынакта  2017-жылдын 1-январынан тартып  10-ноябрга чейин жарыяланган кыргыз, орус жана англист тилиндеги материалдар  кабыл алынган. Сынакка  Кыргызстандагы  ММК жана медиа компаниялардан 70 автордон  100 ашык эмгектер келип түшкөн.

Сынактын катышуучулары азыркы заманыбыздын көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, аялдар, балдарга карата жасалган зомбулуктарды ачыкка чыгарып, калктын калың катмарынын руханий жана моралдык тарбияны өнүктүрүүгө  чакырык таштаган эмгектер  болду.

Сынакка катышкан айрым макалалар коомчулукта жана социалдык тармактарда  кеңири талкууга  алынды.

8-декабрда  «Кыздар менен аялдар арасында зомбулукту жашырбайлы»– аттуу сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Сынактын жеңүүчүлөр

  • Телевидение жана радио:
  1. Гулиза Суванова / «Демге Дем» медиа борбор, Ош шаары
  2. Асан Карагозуев / IWPR Kyrgyzstan, Ош шары
  3. Эрмек Актанов / Биринчи Радио, Бишкек
  • Басма сөз/интернет басылмалары:
  1. Асель Минбаева / «Sputnik Кыргызстан», Бишкек
  2. Kanymgul Elkeeva / «Аялзат», Бишкек
  3. Бермет Уланова / «Kaktus Media», Бишкек
  • Шыктандыруучу сыйлыктар:
  1. Бекжан Токтосунов / зомбулуктун алдын алууга арналган социалдык ролик
  2. Жамал Нурмамбетова / “Азия Ньюс” макалардын сериясы үчүн
  3. Таалайгуль Чабдарова / Биринчи радио укутуруулардын сериясы үчүн

  

  

Сынактагы мыкты эмгектер   “Сезим” Кризистик Борборунун  / Crisis Center “Sezim” Facebook баракчасында   жарыяланат

(сыйлык тапшыруу аземиндеги сүрөттөр)