kyruen
  • Помочь

Кыргызстандагы кош нике фактысы. Алия 39 жашта, 7 баласы жана бир небереси бар

Кыргызстандагы  кайрадан  көп аял алууну  талкуулоодо.

Бирок,  палигамиялуу никеде жашаган аялдардын жан дүйнөсү жабыркап, тереңинде карама-каршылыктар  аларды ого бетээр басмырлап турганы бизге кайрылган ар бир тагдырдан көрүнүп турат.  “Сезим” кризистик борборуна дал ушундай тагдырга кабылган аялдардын аягы үзүлбөй келет.

Кыргызстандагы аялдар  полигамиялык мамилелерге ыңгайлашкан эмес, полигамия –биздин өлкөдө кылмыш болуп саналат жана адам укуктарын бузуу менен канчалаган тагдырларды талкалап, аларга аял менен эркек гана аралашпастан, балдарга дагы таасири тийип,  алардын жан дүйнөлөрүнө бүлүк түшүп келиши өкүнүчтүү.

“Сезим” кризисик борборуна 39 жаштагы Алия жардам сурап кайрылды. Ал жыйырма жылдык никедеги жашоосунда жети баланы төрөп, чоңойтуп бир неберелүү болгон. Мындан 20 жыл илгери түштүк аймагынан  Бишкек  шаарына келип, тынбай эмгектенүүгө туура келген.  Аял болгонуна карабай оор жумуштун баарын жасап, кыштын суугу, жайдын аптабында  оор каптарды көтөруп, учурда дагы 12 жаштагы уулу менен Ош базарында пияз сатып келет. Үй-бүлө жашоосун ушул калыбында эле улантып келмек, бирок 47 жаштагы Алиянын күйөөсү үч жыл мурун экинчи аял алып алган. Ошондон бери, бул үйдун куту учуп, үйдө  күндө жаңжал.   Алия  шарияттын мыйзамдарын сактап, жолдошуна сиз деп кайрылып, “күйөөсүн келээри менен бутун жууп, укалап (массаж) жасап тосуп алат экен. Эгер күйөөсүнүн каалоосу болсо, дагы бир бала төрөп берүүгө даярмын деп билдирди. Алиянын кичүү баласы болгону 2 гана жашта. Улуу балдары алсыз апасын коргоогулары келишет, алтургай, үйдөгү жаңжал маалында улуу балдары эгер  атасы бул кылыгын токтотпосо, арак ичип, баңги чегип кетээрин айтып коркутушат экен. Жогорудагы ахыбалдан улам Алия сар-санаа болуп, 20 кг арыктап, азыр болгону 45кг салмакта сөлөкөтү калган.

Алия ислам динин туткандыктан, күйөөсүнүн экинчи аял алуусуна макул, бирок мындай тагдыр өз башына түшкөндө, мындай жашоо анын жан дүйнөсүнө бүлук салып келет. Ошондуктан, ал шариат жолу менен күйөөсүнөн талак берүүсүн суранган. Бирок, күйөөсү макулдугун бербей келет. Жыйырма жылдан бери  күйөөсү менен тең катар иштегенине карабай, экономикалык жактан көз каранды. Алия өзү кабылган абалдан чыгуу үчүн чечим кабыл ала албай келет, анткени, аны укуксуз, адилетсиз  бул абал абдан чүнчүтүп жиберген. Өз укугун коргоо үчүн Алияга  чечкиндүүлүк жетишсиз болууда.

Полигамиянын курмандыгы болгон  аялдардын саны  өсүүдө. Кыргызстандын Кылмыш жаза Кодексинде  полигамия  кылмыш болгонуна карабай,  бир дагы эркек бул берене менен жазага тартылган эмес. Сот процессинде  көп аял алууну далилдөө өтө оор, аялдар күйөөлөрүнө каршы арыз жаза алышпайт, анткени алар полигамиялуу эркектерге экономикалык жана психологиялык жактан көз каранды. Кээ бир үй-бүлөдө бой жеткен балдары дагы атасына  көз каранды болгондуктан, энесин  мындай тагдырга чыдоого мажбурлайт.

Кыргызстанда  аялдар өзүнүн татаал тагдыры жана кылмыш менен басмырланган уктарын коргоодо КР Кылмыш-Жаза Кодексиндеги 153 беренени колдоно албай келет. А эми жогорудагыдай эркектер биздин мамлекеттин мыйзамдарын бузуу менен  коомчулукта  көп никелүүлүктү мыйзамдаштырууга  чакырып келүүдө.

(Бизге кайрылган аялдын коопсуздун сактоо максатында анын аты-жөнү өзгөртүлдү)