kyruen
  • Помочь

DIMES фондунун кайрымдуулук иштерин Парламенттеги депутат аялдардын форуму жогору баалашты

13-сентябрда КР Жогорку Кеңешинде депутат аялдардын форумунда (анда ар кайсыл фракциянын депутат айымдары биригишип, аялдардын укуктарын коргоо, социалдык маселерди чечүүдөө биргегелешип иштеп келишет) Аида Касымалиева, Наталья Никитенко жана Евгения Строкова DIMES фондунун өкүлү Вернер Блаттер мырзаны жана “Сезим” кризистик борборунун кызматкерлерин кабыл алышты.

Жолугушууга биздин өнөктөштөр – Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилдик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү, Медиация боюнча Улуттук борбордун жетекчилери  дагы катышты.

Жолугушуу маалында көп тараптуу диалог болуп, анда Кыргызстандагы аялдардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик кызматтар, эл аралык уюмдар/жарандык, коомдук бирикмелер биргелешип иштөө туурасында сөз болду.

Парламенттеги аялдар форумунун атынан Аида Касымалиева DIMES фондуна ыраазычылык билдирүү максатында Вернер Блаттер мырзага “Сезим” кризистик борбору аркылуу Кыргызстандагы кыз-келиндердин  укуктарын коргоого, ар кандай басымырлоого каршы  көрсөткөн көп жылдык кайрымдуулук иштери үчүн “Ардак Грамота” менен сыйлады.