kyruen
  • Помочь

Чыгыш Бавар Коомчулугунун өкулдөрү “Сезим” кризистик борборунда болушту

Коноктор “Нур” Транзиттик социалдык үйүнүн ишмердиги менен таанышты. Бул коопсуз  жай Чыгыш Бавар Коомчулугунун колдоосу менен иштеп келет. Чыгыш Бавар Коомчулугу Германияда жашаган карапайым калк арасында каражат чогултулуп, ал Бишкектеги  “Нур”  социалдык үйүнүн ижара акысына жумшалат.

Транзиттик социалдык үй Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагындагы уникалдуу долбоор. Анда кризистен чыгууга аракет кылган аялдар менен балдарга социалдык жардам көрсөтүлөт. Анткени, кыска аралыктагы  Шелтердеги реаблитациядан кийин аялдардын көпчүлүгү зордук зомбулук жасаган жолдошуна  кайтып барат. Анткени, үй-бүлөлук зомбулуктун курмандыктары аларга күч колдогон адамдарга экономикалык жана психологиялык жактан көз каранды.  Бирок, алардын арасында дал ушул зомбулуктан кутулуун көздөп, кризистен чыгууга аракет кылган аялдар бар. Алар үчүн “Нур” транзиттик социалдык үй кризистен чыгуудагы жалгыз  мүмкүнчүлүк шарт түзүүчү коопсуз жай.

Жолугушуу маалында немец делегациясы  Кыргызстандагы аялдардын абалына жана мүмкунчүлүктөрүнө  чын ыктастары менен кызыгышты.  Жолугушуунун жыйынтыгында Чыгыш Бавар Коомчулугунун  өкулдөрү «Сезим» кризистик борборуна ишенээрин билдирип, аялдарды колдоого алуу Кыргызстанда актуалдуу болуп жатканын билдирүү менен келерки жылы дагы бул долбоорду колдоорун билдиришти.

«Сезим» кризистик борбору аялдар менен балдарды колдооп жаткан Чыгыш Бавар Коомуна ыраазычылык билдирди.