kyruen
  • Помочь

Борбордук Азиядагы Америка Университетинин студенттери “Сезим” кризистик борборуна кайрылган аялдарды тигүү ишмердигине окутууга долбоор жазышкан

SIDP (Student Initiative Development Program) долбоорунун  гранттын Борбордук Азиядагы  Америка Университетинин студенттер тобу утуп алып, кризиске кабылган аялдарды  узчулук чеберчиликке үйрөтүшөт.  Бул сутденттердин  биринчи долбоору эмес, буга чейин алар String-art жайкы  лагерин уюштурушкан.

«Enactus AUCA» долбоорунун лидери  Диана Акимова: « Бир ай аралыгында 4 адамдан турган эки топ кыска аралыкта тигүүчүлук кесипке үйрөтүлөт. Анда жумуш берүүчүлөрдүн талаптары эске алынган. Окууну бүткөн соң, өздөрүн жана балдарын  камсыздоо үчүн жумуш таба алышат»  деп билдирди.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары  адатта  аларга зомбулук көсөткөн күйөөлөрүнө же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө көз каранды болгондуктан,  балдары менен финансалык  жактан аларга көз каранды. Аялдардын көпчүлүгү атайын адистик же кесипке ээ эмес болгону дагы аларды экономикалык басмырлоого алып келүүдө.

Жыргал Карасартова: « Биз аялдардын маселелерин түшүнүп гана тим болбостон, аны чечүү  менен өз өлкөбүзгө  пайда алып келинүү көздөйбүз» деп  кошумчалады.

(Сүрөттө:  Диана Акимова, Жыргал Карасартова)