kyruen
  • Помочь

АСЕЛЬ. Зөөкүр күйөөсүнөн ажырашкан аялды ата-энеси кабыл албай коюшкан

Асел  жогорку окуу жайын аяктап, курулуш компанияларынын бирине ишке орношкондо 25 жашында турмушка чыккан. Жолдошу андан 15 жаш улуу болчу. Ал күйөөсүнө тил кайрымак түгүл, каршы пикир айта алчу эмес, анткени, ал ошондой тарбияда чоңойгон.

Күйөөсү ала жипти аттаганы ачыкталып калганда кечирим суроонун ордуна, Аселди көк ала кылып сабаган. Буту менен аялынын бетине, ичине тепкилеп, ал бул кадамын “Мен эркекмин. Мен эмне кылсам өзүм билем. Сенден сурабайм” … деп ур токмокко алган. Таяк жеген келин жаңы төрөлгөн баласын жана болгон бум тайымын алып ата-энесине барган. Ата-энеси күйөө бала тарапты коргоп, “үйдөн чыккан кыз чийден тышкары” деген принципте кайра эрине кайтарышкан.

Жумушка барган келиндин бетиндеги көк аласын көргөн кесиптеши аны кризистик борборго кайрылууну сунуштаган. Бирок, ата-энесинин сөзүн эки кылбаган келин эч кимге кайрылбай, күйөөсү менен жашай берген. Айрыкча апасынын: “Сен өзүң күнөөлүсүң. Жаман аялдан гана эри кетет”  деген сөзү кулагына жаңырып турган.

Жолдошу үйдө көп түнөбөй,сүйлөшпөй, алтургай чоңоюп жаткан баласына дагы кызыкпай калган.  Эгер ага үйдө бир нерсе эле жакпай калса, дароо жаңжал чыгарып, Аселди сабаганды адат кылып алган. Бир күнү ал маанайы түшүп келип, Аселди аябай сабап салды. Сабалган келин травматология бөлүмүнө түшүп, баш-мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Бирок, оор жаракат алса дагы милицияга кайрылган эмес. Кесиптештери жардам берип, өзүнчө батирге чыгып кетүүгө көмөктөшкөн.

Ушул окуядан кийин гана ал “Сезим” кризистик борборуна кайрылып жардам сураган. Узакка созулган психологиялык реабилитациядан кийин гана өзүн күнөөлүү сезбей, өз жашоосуна чечкиндүү чечим кабыл алып, ажырашууга арыз жазган.

Ата-энеси Аселдин бул кадамын түшүнбөстүк  менен кабыл алып, жазалоо максатында катташпай каралашпай калышкан.