КБ "СЕЗИМ" КРИЗИСТИК БОРБОРУ

ПРОГРАММАЛЫК ОТЧЕТ 2017-ж.


__

Урматтуу окурман, сизге салам айтуу менен 2017-жылдын отчетун жана биздин борбордун үч жылдык стратегиясынын жыйынтыктарын сунуштоого уруксат этиңиз.

Өткөн жыл биздин уюмубуз үчүн жеңил болгон жок. Биз эмгектендик, үйрөндүк, үмүттөндүк. Өз күчүбүзгө жана өнөктөштөрүбүзгө ишенүү менен алга умтулдук. Биздин жумушубуз Кыргызстандын жашоо шарттары менен түздөн-түз байланышта. Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук жана адамдарды сатуу көйгөйлөрү азыркы учурда коомубузда актуалдуу боюнча калууда. Биздин ишмердигибиз ар дайым - жардам сурап кайрылган ар бир адамды коргоодон тартып, демилгелерди мыйзам чыгаруучулук деңгээлде лоббирлөөгө чейин, - Кыргызстандагы аялдарга, кыздарга жана үй-бүлөгө каршы зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталат.

2017-жылы өлкөбүздө аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту жоюу жаатында маанилүү кадамдар жасалды, алсак, КР "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынды. Кыргызстандын коомдук уюмдары менен өнөктөштүктө өлкөбүздө полигамияга каршы кеңири кампания өткөрүлдү
Бизге жүздөгөн аялдар, кыздар жана эркектер жардам сурап кайрылышты. Аларга өз убактысында жана керектүү колдоо көрсөтө алдык, деп үмүттөнөбүз...
Биз кызматташууга даярбыз жана кардарларыбыздын, өнөктөштөрүбүздүн бизге көрсөткөн ишеничине ыраазы болуу менен ишибизди улантуудабыз.

Рыскулова Бүбүсара
"Сезим" Кризистик борборунун директору"
Назира, 38 жашта:
"Мен "Сезим" борборуна кайрылдым, анткени күйөөмдөн качып кеткенимден кийин эки балам менен бара турган жерим жок болчу. Ал төрт жыл бою мени жана биринчи никемден төрөлгөн уулумду таш боордук менен сабап, бири-бирибизге жардам бере албачудай кылып, эки башка бөлмөгө камачу... Бир нече ирет ооруканага түшкөм, бирок ар дайым өзүм жыгылып кеттим, деп айтчумун... Мен андан кетип калууга чыгына алган эмесмин, анткени эки балам менен көчөдө ишсиз, акчасыз калуудан коркком... "Сезим" борборунда мага адвокаттык, психологиялык, социалдык жана жөн гана адамдык жардам көрсөтүштү. Азыр биз Транзиттик социалдык үйдө жашап жатабыз, балдарым мектепте окушат, мен иштейм... Өзүм жана балдарым жөнүндө жүрөгүмдө тынчтык орун алууда..."

Сүрѳттѳ: Назира
Каармандын макулдугу менен жарыяланды
2017 жыл - аялдардын жана кыздардын укуктарын гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адамдарды сатуудан көп багыттуу коргоого багытталган Уюмдун үч жылдык стратегиясынын жыйынтыктоочу жылы болду. Бул жыл жетишерлик деңгээлде динамикалуу жана кызыктуу болуп, мүмкүндүктөрдү жана кээ бир сыноолорду алып келди. Басып өткөн жолубузга ой жүгүртсөк, "Сезим" борбору узак жылдардын аралыгында өлкөбүздөгү алдыңкы коммерциялык эмес уюмдардын бири болуу менен бирге Бишкек шаары менен Чуй областынын аймагында гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адамдарды сатуудан коргоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн толук топтомун ишке ашыруучу бирден бир кризистик борбор болуп саналат.

"Сезим" кризистик борборунун ишмердүүлүгүн ийгилиги Уюмдун мүчөлөрүнүн, Байкоочу Кеңештин жана Аткаруу органынын бирдиктүү максатынын жана өз ара колдоосунун негизинде ишке ашырылып жатканына ишенем.
Бакыта Качикеева
"Сезим" КБ Байкоочу кеңешинин төрайымы
2017-жыл уюмдун үч жылдык стратегиясынын аяктоочу жылы болду

"Сезим" борборунун 2015-2017-ж. өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын негизги
үч багыты боюнча кыскача жыйынтыктар:

Аялдардын, кыздардын жана
үй-бүлөнүн укугун гендердик,
үй-бүлөлүк зомбулуктан жана
адамдарды сатуудан коргоо
Биз аялдарды жана кыздарды коргоону жана аларга карата дискриминацияны жок кылууну күчөтүү боюнча Адвокацияга, анын ичинде:
- КР жашы жете электер менен диний никеге турууга тыюу салуучу Мыйзамын лоббирлөөдө (2016-жылы кабыл алынды);
- КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамын лоббирлөөдө
(2017-жылы кабыл алынды);
- Кыргызстандагы полигамияга каршы UNITE Kyrgyzstan тармагында жүргүзүлгөн кампанияга активдүү катыштык.

Соттордо адвокаттык жана коомдук коргоо 170 аялдарга жана кыздарга көрсөтүлдү, алардын ичинен 137 соттук иш «Сезим» борборунун кардарларынын пайдасына чечилди.

Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктардын фактылары боюнча ММКнын катышуусу менен 26 прецедент түзүлдү, анын ичинде 8 пресс-конференция өткөрүлдү.

Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан, адамдарды сатуудан жабыр тарткандарды реабилитациялоо
жана реинтеграциялоо
Шелтер кызматы 976 адамга
(500 чоңдорго жана 476 балдарга) көрсөтүлдү.

Транзиттик Социалдык Үйдө
68 адам (36 чоңдор жана 32 балдар) жашады.


2767 психология жана психотерапия кызматы көрсөтүлдү;

629 балдар психологунун кызматы көрсөтүлдү

895 психологиялык колдоо группалары

150 арттерапия группалары

5 өзүнө өзү жардам берүү группалары түзүлдү

48 адам квалификация курстарында окууга колдоо алышты.

32 адамга жумушка орношууда жардам көрсөтүлдү.



Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук, адамдарды сатуу жаатындагы маалыматтык жана билим берүү ишмердүүлүгү
"Сезим" борборунун маалыматтык жана билим берүү ишмердүүлүгү төмөндөгү топторго багытталды:
- Гендердик, үй-бүлөлүк зомбулук, адамдарды сатуу тобокелдиктеринин алдын алуу жана аларды азайтуу максатында - жаштарга / 28 адам;
- Зомбулуктан жана кризистик кырдаалдардан жабыр тарткандарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдө сектор аралык өз ара аракеттешүү максатында - социалдык жардам көрсөтүү кызматтарына / 14 тренинг, 4 тегерек стол;
- Кыргызстандын калкына (ММК жана социалдык тармактар аркылуу).

Кризистик борборлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн Мамлекеттик стандарттарын жана Зомбулуктун күнөөкөрлөрүнө карата мамлекеттик типтүү коррекциялык программаны түзүүдө эксперттер жана иштеп чыгуучулар катары катыштык.
Уюмдун өнүгүсүүнүн стратегиялык планы (ӨСП) 80%дан ашык көлөмдө ийгиликтүү аткарылды
"Сезим" борборунун ӨСПнын алкагындагы кызмат көрсөтүүлөрү 100%га аткарылды

Биздин фактылар жана сандык кѳрсѳткүчтѳр 2017-ж.
Ишеним телефону
1493 телефон чалуу кабыл алынды,
алардын ичинен 84% - аялдар,
16% - эркектер.
____________
Ишеним телефону сутка бою үзгүлтүксүз режимде, дем алышсыз иштейт




Зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн адвокаттык жана коомдук коргоо
Адвокаттык коргоо:
45 жарандык жана 7 кылмыш-жаза иштери боюнча көрсөтүлдү;
Коомдук коргоо:
8
кылмыш-жаза жана 5 жарандык иштер боюнча көрсөтүлдү;
_______________
34 сот иштеринин чечими "Сезим" борборунун кардарларынын пайдасына чечилди.
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөр
Борбордун офисинде:
368 адам үчүн 527 консультация берилди;
93 доо арызы,
26 адвокаттык сурамдар, даттануулар жана арыздар,
4 коргоо ордерин берүү жөнүндө өтүнүч кат даярдалды.
________________
Шелтерде жана ТСҮдө жашап жаткандар үчүн:
74 адам үчүн 121 консультация берилди;
5 доо арызы даярдалды.
Психологиялык консультация берүү жана Психотерапия
Офисте – 285 адам үчүн
437 консультация берилди,
алардын ичинен 87% - аялдар, 13% - эркектер.
_________________
Шелтерде жана ТСҮдө жашап жаткандар үчүн -
181 аял үчүн 1112 консультация берилди.
________________
Балдар психологунун консультациясы:
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн 108 жана + 85 ата-энелер үчүн консультация берилди.
Шелтер
Шелтердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн
317 адам пайдаланды:
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар -
148 аял/130 бала;
- Сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткандар - 4 аял;
- Зордоп никеге тургузуудан жабыр тарткандар - 4 аял;
- Адам сатуудан жабыр тарткандар - 6 аял/3 бала;
- Аялуу мигранттар - 9 аял / 3 бала
_____________
Шелтердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн, ал жерде жашабастан, 10 адам пайдаланды:
- Адам сатуудан жабыр тарткандар - 1 аял;
- Аялуу мигранттар - 5 аял/ 4 эркек.
Транзиттик Социалдык Үй
ТСҮ кызматынан 30 адам пайдаланды,
алардын ичинде: 14 аял – гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар жана 16 бала.


2017-жылдагы биздин артыкчылыктар
Мамлекет менен социалдык өнөктөштүк
- Бишкек шаарынын мэриясы - 2005-жылдан тартып "Сезим" борборунун Шелтер кызматын турак-жай жана коммуналдык тейлөөлөр менен камсыз кылып келе жатат.

- КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик заказынын алкагында "Социалдык геронтологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү" долбоору ишке ашырылды. Бул "Сезим" борборунун мамлекеттик заказдын алкагындагы төртүнчү долбоору.
Стратегиялык донорлордун колдоосу
"Сезим" борборунун программалык ишмердүүлүгү толук көлөмдө ишке ашырылды:

- DIMES фондунун колдоосу алдында "Сезим" борборунун негизги программалык ишмердүүлүгү жана кызмат көрсөтүүлөрү ишке ашырылды;
- Бавария Чыгыш Коомунун колдоосу алдында Транзиттик Социалдык Үйдүн ишмердүүлүгү ишке ашырылды.
Саясатты адвокациялоо

- UNITE Kyrgyzstan тармагында КР "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" жана "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорлорун лоббирлөө (2017-жылы кабыл алынды).

- КР "Лотереялар жөнүндө" Мыйзам долбоору боюнча маалымат кампаниясы жана аны лоббирлөө (2017-жылы кабыл алынды).
Үй-бүлөлүк медиация

2018-жылдын февралында КР "Медиация жөнүндө" Мыйзамы күчүнө кирди. 2017-жылы КР Швейцария Элчилигинин колдоосу алдында биздин борбордун ишмердүүлүгүнө Үй-бүлөлүк медиация кызмат көрсөтүүсүн киргизүү башталды. Азыркы учурда "Сезим" борбору Кыргыз Республикасында ушул кызматты көрсөтүүгө даяр болгон алгачкы уюмдардын бири.
SMM-аудит жана контент-стратегия
"Сезим" борбору "Жарандык катышуу" Фондунун долбоорунун алкагында SMM-илгерилетүү боюнча SMM-аудиттен жана бир катар тренингдерден өттү. Натыйжада "Сезим" борбору айкындуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатууга багытталды; уюмдун ММКдан көз каранды эмес медиа-контенти өнүгүүдө.
Өнүгүүнүн Стратегиялык планы

2017-жылы Уюмдун 2015-2017-ж.ж өнүгүүсүнүн Стратегиялык планы ийгиликтүү аяктады.

"Сезим" КБ 2018-2010-жылдарда өнүгүүсүнүн жаңы Стратегиялык планы иштелип чыгып, күчүнө кирди.
Биз иш алып барып жаткан көйгөйлөр
Аялдарга жана кыздарга карата дискриминациянын бийик деңгээли
БУУнун маалыматтарына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял балдары менен чогуу үй-бүлөлүк зомбулукка туш болушат. Өлкөдө сексуалдык зомбулуктун, полигамиянын, жашы жете электердин никеге турушунун, кыздарды ала качуунун жана адамдарды сатуунун бийик деңгээли жана латенттүүлүгү сакталып турат. Муну менен бирге, коомдук аң-сезим жана укук коргоо жана сот органдарынын практикасы бул жаатта профессионалдык, маданий жана социалдык ченемдердин өзгөрүшүнө алиге чейин даяр эмес. "Сезим" борбору аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту азайтуу максатында Кыргызстандын башка коомдук уюмдары менен өнөктөштүктө, анын ичинде UNITE Kyrgyzstan тармагында адвокациялык ишмердүүлүктү алып барууда.
КР аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту жок кылуу жөнүндө мыйзамдары толук көлөмдө ишке ашпай келе жатат
"Сезим" борбору зомбулуктан жабыр тарткандардын укугун коргоо боюнча иштерди мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт. Бирок гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка реакция жасоонун ыкмаларынын жана механизмдеринин, анын ичинде, КР "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамынын алкагында, - жетишерлик натыйжа бербей жаткандыгын белгилей кетүү абдан маанилүү. Зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын жана кыздардын укук коргоо, тергөө жана сот органдары тарабынан дискриминацияга туш болуп жаткандыктары байкалат.
Зомбулуктан жабыр тарткандарге жардам көрсөтүүчү социалдык мекемелердин инфраструктурасынын жетишсиздиги
Социалдык кызматтардын мамлекет тарабынан жетишсиз каржыланышы жана эл аралык донорлордун зомбулуктан жабыр тарткандарга социалдык жардам көрсөтүүнү каржылоону кыскартууга багыт алышы. Адистердин, ошондой эле, "Сезим" кризистик борборуна тийиштүү Шелтердеги жана Транзиттик Социалдык үйдөгү орундардын санынын аздыгы – Бишкек шаарынын гендердик, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адамдарды сатуудан коргоо жаатындагы профессионалдуу кызмат көрсөтүүлөргө (анын ичинде, коопсуз жашоо менен коштолгон) болгон сурамын канааттандыра албайт.
2017-жылы биз ишке ашырган долбоорлор
КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу алдындагы "Социалдык геронтологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү" долбоору
____________________
Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чегип, турмуштук оор кырдаалга туш болгон
59 улгайган адамга (57 аял жана 2 эркек) укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлдү; геронтологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү мындан ары пландаштыруу жана өнүктүрүү үчүн улгайган адамдардын муктаждыктарын изилдөө жүргүзүлдү; улгайган адамдарга кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча сектор аралык өз ара аракеттешүүнүн механизмдери иштеп чыгарылды.

АКШ Элчилигинин Демкомиссиясынын колдоосу алдындагы "Адамдарды сатуудан жабыр тарткандарга жана аялуу мигранттарга жардам" долбоору
________________________
Адамдарды сатуудан жана аялуу миграциядан жабыр тарткан 31 адамга (23 аял 6 баласы менен; 8 эркек) комплекстүү (укуктук, психологиялык, социалдык, гуманитардык) жардам көрсөтүлдү;

"Сезим" кризистик борборунун кызмат көрсөтүүлөрүн эсепке алуунун маалыматтык системасы иштеп чыгарылып, "Сезим" КБ ишмердүүлүгүнө киргизилүүдө.

Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу алдындагы "Үй-бүлөлүк медиация практикасын "Сезим" кризистик борборунун ишмердүүлүгүнө киргизүү" долбоору
________________________
"Сезим" КБ кызматкерлери, волонтерлору жана өнөктөштөрү үчүн үй-бүлөлүк медиация боюнча окутуу программаларынын цикли ишке ашырылды:
1. Медиация, Базалык курс;
2. Үй-бүлөлүк медиация. Практикалык курс;

жана окууну бүтүргөн медиаторлорго Супервизордук колдоо көрсөтүү.

2017-жылдагы биз сыймыктана турган сыйлыктар
КР Президенти Атамбаев А.Ш. кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүк жаатында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн "Сезим" кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскуловага Мамлекеттик ДАНК орденин тапшырды.
КР Парламентинин аял-депутаттар Форуму "Сезим" кризистик борборунун Кыргызстанда гендердик теңдикти илгерилетүүдөгү ишмердүүлүгүн көп жылдар бою колдоп келгендиги үчүн DIMES фондуна Вернер Блаттер мырза аркылуу - Ардак Грамотасын тапшырды.
Кыргыз Республикасында транс-инклюзивдүү саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Сорос-Кыргызстан фонду жана Лабрис Коомдук уюму"Сезим" фондунун психотерапевти Наталья Павловага Ыраазычылык кат тапшырышты.

БУУ-Кыргыз Республикасынын аялдары, Сорос-Кыргызстан фонду, "Сезим" кризистик борбору, Интерньюстун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тараптан жарыяланган "Аялдарга жана кыздарга каршы зомбулук жөнүндө үндөбөөнү токтотобуз" конкурсунун жыйынтыктары боюнча журналисттерге сыйлыктар тапшырылды.
"Сезим" борборунун ишмердүүлүгү зомбулуктан жабыр тарткан конкреттүү адамдарга жардам берүүгө, ошондой эле, жалпысынан Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту азайтууга көмөк көрсөтүүчү адвокациялык кампанияларга багытталган.
Жогорку деңгээлдеги жетишкендиктер көбүнесе уюмдун өнөктөштөрүнүн жана досторунун – мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн, коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык активисттердин жана албетте, "Сезим" борборунун кызматкерлеринин өз миссиясына жана баалуулуктарына берилгендигинин негизинде мүмкүн болду.
Джетигенов Бакытбек (КР ЖК депутаты, "Сезим" КБ Байкоо Кеңешинин мүчөсү)
КӨҢҮЛКОШ ЭМЕС АДАМДАРДЫН ЖАРДАМЫ
Биздин командабыз кардарларыбызга кайрымдуулук жардам көрсөткөн жергиликтүү жана чет элдик жарандарга, алардын ичинде – Шелтердеги аялдарга жана балдарга
даамдуу тамактарды алып келип турган Мелийпа-апага,
Жаңы жылдык белектерди берген Финка Кыргызстан Банкына,
биздин кардарларыбыздын муктаждыктары жөнүндө берешендик менен кам көргөн
"LDS Charities" кайрымдуулук фондуна (Джеффри и Карина Картер аркылуу), аялдар жана балдар үчүн белектер жана концерт менен келип, Шелтердин аймагын жыйнап-тазалоого жардам беришкен Шопоков шаарынын жогорку класстарынын окуучуларына... жана башка боорукер адамдарга ыракматыбызды айтып, аларды ыраазычылык менен эстей жүрөбүз.

Жардамдын жалпы суммасы дээрлик314 500 кырг. сом түздү
ӨНӨКТӨШТӨРҮБҮЗГӨ жана ДОНОРЛОРУБУЗГА
терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз:
Өлкөбүздүн мамлекеттик органдарына:
Бишкек ш. Mэриясына,
КР Эмгек жана Cоциалдык өнүгүү Министрлигине,

КР Парламентинин Аялдар Форумуна -
Биздин уюмга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн
________________________

Эл аралык донорлорго жана өкүлчүлүктөргө:
DIMES Фондуна (Испания),
Миграция боюнча Эл Аралык Уюмга,
Швейцариянын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнө,
АКШ Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнө,
Чыгыш Бавария Коомуна -
сиздердин жардамыңыздардын негизинде
ишмердүүлүгүбүздү ишке ашыруу мүмкүн болду.
_________________________

«Сезим» кризистик борборунун Байкоо Кеңешине жана мүчөлөрүнө, өзгөчө
Бакыта Качикеевага,
Артур Сарки
cовго,
Бакытбек Джетигеновго,
Таалайгул Чабдаровага –

уюмубуздун өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар үчүн

2017-жылдын ФИНАНСЫЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

Бардыгы: 216 445 $
каражат түштү.

Булардын ичинде мамлекеттик (жергиликтүү) бюджеттен:
5030 $.
Каражаттардын программалар боюнча бөлүнүшү:
Шелтер – 42 %

Транзиттик социалдык үй - 5 %

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөр
жана адвокаттык коргоо - 10 %

Психологиялык кызмат көрсөтүүлөр - 14 %

Ишеним телефону - 1 %

Билим берүү жана
маалымат ишмердүүлүгү - 10 %

Инвестициялык ишмердүүлүк - 2,5 %

Административдик чыгашалар - 15,5 %

Штаттык кызматкерлердин саны – 18 адам,

тартылган адистер жана
консультанттар – 6 адам.

Камсыздоо төлөмдөрүнүн жана
киреше салыгынын суммасы -
2 129 025 сом = 31 170 $
Отчетто Шелтердин жана Транзиттик социалдык үйдүн кардарлары тарабынан арттерапия курстарында даярдалган буюмдардын сүрөттөрү пайдаланылды
Кѳңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

" СЕЗИМ" БОРБОРУНУН ЖАМААТЫ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРИП, ИЙГИЛИК КААЛАЙТ
web site: www.sezim.org
e-mail: office@sezim.org
+996 (312) 31 64 66; 51 26 39
Кыргызстан, Бишкек ш., Табышалиев кѳч. 3