kyruen
  • Помочь

Кыргызстанда гендердик зомбулукка  каршы  «Кыздар менен аялдар арасында зомбулукту жашырбайлы»- аттуу сынак жарыяланат

«Гендердик зомбулукка  каршы 16 күндүк активдүүлүктүн» алкагында (2017-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрга чейинки аралыкта)  БУУнун Башкы Катчылыгынын “Кыздар менен аялдарга карата зомбулукту БИРГЕ токтотобуз команиясынын негизинде, Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү, Кыргызстанагы Сорос Фонду,“Сезим” Кризистик борбору Кыргызстандагы Интерньюс команиясы биргеликте гендердик зомбулукка  каршы сынак жарыялайт.

Сынак үч категорияда : телекөрсөтүү/радио уктуруу; басма сөз/интернет басылмалары; блогдор/мультимедия платформасындагы (фотография, вирустук видео жана аудиолор, постерлер). Сынакка Кыргызстандын жарандары катыша алат. Сынакка жөнөтүлгөн материалдар ЖМК же/социалдык медиада массалык аудиторияны камтууга тийиш.

Сюжеттер  менен  макалалар гендердик зордук-зомбулуктун баардык түрү жана аспектисин камтып, коомчулукту гендердик көйгөлөрдү  түшүнүүгө, калктын маалыматтуулугун жогоруулатууга, ошондой эле маселерди чечүүгө сунуштар менен аракеттерди көрүү  боюнча мамлекеттик органдар, жарандык коомдорго жана башка уюмдарга сунуштоосу  колдоого алынат.

Гендердик зомбулукка кабылган адамдын тагдыры тууралуу  коомчулукта коңгуроо кагып, анын жакшы жагына чечилген иштерге артыкчылык берилет. Видео жана аудио материалдардын узактыгы 10 мөнөттөн ашпашы шарт.

Сынактык материалдар кыздар менен аялдарга карата зомбулукту жок кылууга арналган “кызгылт сары күндөргө” арналып, 2017-жылы БУУ тарабынан аныкталган төмөндөгү темаларды камтышы зарыл:

  • «Өзгөчө жардамга муктаж болгон кыздар менен аялдар арасындагы зомбулук»;
  • «Аярлуу, маргиналдуу топтор арасындагы кыздар менен аялдар арасындагы зомбулук»;
  • «Кыздар менен аялдарга карата зомбулукту жок кылуу үчүн финансалык колдоону мобилизациялоо»;
  • «Мигранттар жана качкындар арасындагы кыздар/аялдарга карата зомбулук тууралу»;
  • «Кыздар арасындагы кибер-зомбулук»;
  • «Өзгөчө кырдаал маалында кыздар менен аялдарга карата жасалган зомбулук»;
  • «улгайган аялдарга карата зомбулук »;
  • «Айылдык кыздарга карата жасалган зомбулук».

Иликтөө жасап, актуалдуу статистикалык маалыматтарды алып чыккан, көлөмдү инфографика колдогон матералдарга артыкчылык берилет. Гендердик зомбулук боюнча темалардын ирээти менен берилиши, матриалдардын сериясы же болбосо басылмаларда  атайын рубрикалардын ачылышы жактырылат.

Сынакка жөнөтүлгөн эмгектер эл аралык журналистиканын талаптарына ылайык кесиипкөйлүк менен аткарылып, маалыматтардын тактыгы, автордун гендердик зомбулукка карата теманы терең түшүнүшү эске алынат. Материалдар 2017-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 10-ноябрына чейинки аралыкта кыргыз, орус жана англист тилинде жарыяланышы керек. Сынактык материалдар  2017-жылдын 10-ноябрь саат 17:00 чейин кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн макала/сюжетти электрондук алып жүрүүчүдө, аты-жөнү, басылмасы, нускасы, көрүүчүлөрдүн саны, жарыяланган күнү/трансляциясы жана катышуучунун байланышчуу даректери (телефон номери, электрондук дареги) Бишкек шаарынын Табышалиев көчөсү 3, «Сезим» Кризистик борборуна,ошондой эле электрондук дарекке макала/ сюжеттерди pr@sezim.org “Гендердик зомбулукка каршы   сынакка” деген  жазуусу менен жөнөтүлүшү керек.

Сынактын жыйынтыгы алдын ала 2017-жылы  24- ноябрда чыгарылат.

Сынактын уюштуруучулары эгерде берилген сюжеттер менен макалалар сапаты боюнча стандартка шайкеш келбесе, анда байгени тапшырбоо укугуна ээ.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго чалыңыздар: 0(312) 31 64 55,  31 64 66  иш күндөрү кайрылса болот.